ОШ, 21-ноя. — Sputnik. Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл округунан 47 жаштагы эркек кишини өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, облустук Кайгуул милициясы жана Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Алай районундагы Гүлчө айылынын 49 жаштагы тургуну кармалган.
"Анын Mersedes Benz-230 үлгүсүндөгү унаасы айып короого киргизилди. Кармалган айдоочу Катта-Талдык айыл округунда жол боюнда бараткан эркек кишини коюп кеткендигин жана шок абалында эмне кыларын билбей, жабырлануучуга жардам бербестен качып кеткендигин мойнуна алды", — деди Бечелов.
Ал ошондой эле учурда бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканын, ал эми милицияга каза болгон жарандын жакындары айдоочунун үстүнөн арыз менен кайрыла электигин кошумчалады.
Кырсык болгон жерден Mersedes Benz автоунаасынын эмблемасы жана фарасынын сыныктары табылган.