Ош, 18-ноя. —Sputnik. Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл округундагы жол кырсыгында каза болгон адамдын тек-жайы такталды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Алардын айтымында, каза болгон жаран Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Алгабас айылынын тургуну болгон. Аны 17-ноябрь күнү болжол менен 22:00дөр чамасында Катта-Талдык айыл округунда унаа сүзүп кетип, каза болгон. Айдоочу изин жашырып кеткен.
Кырсык болгон жерден Mersedes Benz автоунаасынын эмблемасы жана фарасынын сыныктары табылган.
Аталган билдирүүнү облустук Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов дагы тастыктады.
"Каза болгон эркек кишинин сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди", —деди Бечелов.
Ошондой эле ал аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.