Мифтерде айтылгандай, шахтага элди мажбурлап айдашкан эмес. Алар нан заводуна же колхозчу болуп ишке жай гана орношо алышкан. 40-жылдардын аягында Майлуу-Сууда уран кенинин тоо тилкесин жетектеген, Эмгек Кызыл туу орденинин ээси Леонид Бешер-Белинскийдин эскерүүсү боюнча ал ишканада абдан көп акча төлөп беришкен.
"Менин маянам айына 3-8 миң рублге чейин чыкчу. Азыркы окурманга бул сумманын көптүгүн түшүндүрүү үчүн ал убакта жарым литр арак 23, ал эми шампандын бөтөлкөсү 27 рубль турганын мисал келтирейин. 1949-жылдын соңунда ишканага наркы 11 миң рубль турган "Москвич-400" келди. Албетте, унааны сатып алууну каалагандардын саны үчтөн көп болду", — деп жазган ал киши өз китебинде.
Уран шахтасынын кызматкери Андрей Баширов атасы дарыгерлердин насааты тууралуу айтканын эскерет. Алар элге мындай жумушта арак жана тамекини көп колдонуу болбостугун эскертишкен экен. Медиктердин кеңешин кулак сыртынан кетиргендер жаман кеселден эрте каза табышкан, ал эми өз саламаттыгына кам көргөндөр улгайган куракка чейин жетишкен.
60-жылдардын аягында шахталар жабылган. Уран байытылган бир фабриканы жардырып, бетон куюшкан. Башка биринин ишин токтотуп, анын ордуна "Изолит" заводун курушкан. Анда 30 жыл электр тогун өткөрбөй турган материалдар, мисалы, бүткүл СССРге белгилүү болгон көп түстөгү жабышчаак тасма өндүрүлгөн.