БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдө жөө адамды унаа сүзүп каза тапты. Ал эми күнөөкөр изин жашырып кеткен. Бул тууралуу аймактык ИИБден билдиришти.
Кишинин сөөгү Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол трассасындагы Тогуз-Булак айылын көздөй кеткен бурулуштан табылган. Маркум 40-45 жаш чамасында экени болжолдонууда.
Ыкчам тергөө тобу жерине келип, сөөктүн жанынан ак түстөгү унаанын боекторунун калдыгын жана фаранын сыныктарын тапкан. Мындан тышкары, 1092 сом табылган.
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Көк-Сай айылынын (Тоң району) 44 жаштагы тургуну кармалды. Анын Honda Odissey үлгүсүндөгү унаасы айып короого токтотулган.
Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Каза болгон кишинин тек-жайы такталып жатат.