БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Өлкө аймагында жаан-чачын боло турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
7-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, күндүз айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар жаашы ыктымал. Аба температурасынын кескин өзгөрүшү күтүлбөйт.
Ош шаарында күндүн табы 15…17 градуска чейин көтөрүлсө, Бишкекте 8…10 градус жылуу болот.