БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. 15-ноябрда президент Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өтө турганын журналисттерге өлкө башчынын аппарат жетекчиси Алмаз Усенов билдирди.
Эскерте кетсек, 24-ноябрь күнү жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болот.
Алмазбек Атамбаев кызматына 2011-жылдын 1-декабрында киришкен.