БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата өлкөдө бир катар маданий иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрды жыл сайын белгиленүүчү "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол коюп, Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган.
"Бул күндөрү өлкөнүн музейлеринде ачык эшик күндөрү өткөрүлүп, каалоочулар кыргыз элинин тарыхы менен тааныша алат. Ал эми кинотеатрларда, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө жана коомдук, мамлекеттик телерадиокомпанияларында "Уркуя", "Курманжан Датка", "Айланпа", "Биринчи" тасмалары көрсөтүлөт", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле "Маданият.Тарых.Тил" каналында "Учур" жаштар театрынын "Улуу Үркүн" спектакли көрсөтүлөт.