БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. "Элес" тобунун мурдагы музыканты Айдин Жумалиев дүйнө салгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.
Анын айтымында, Жумалиев 3-ноябрь күнү көз жумду.
"Айдиндин уулу менен байланышканымда атасы эртең мененки саат жетиде көз жумганын айтты. Мен аны ооруканада жатканда барып көргөм, абалы абдан оорлоп калыптыр болчу. Бирок жүзүндө жылмаюу бар эле. Бул анын эрки күчтүүлүгүнөн кабар берет", — деди Молдокматова.
Эске салсак, Айдин Жумалиевге боор рагы деген диагноз коюлганы август айында белгилүү болгон.
Түркияда даарыланган музыканттын операциясына кетчү каражат кайрымдуулук жолу менен чогултулуп, ага өлкө президенти Алмазбек Атамбаев кол кабыш кылган. Ошондой эле Жумалиевдин сахналаштары дагы концерт уюштурушкан.