00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шампунь, ун жана маргарин. Кыргызстан Казакстандан кайсы товарларды көп алат

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүКаптагы ун. Архив
Каптагы ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статистикага караганда, кыргызстандыктар коңшу өлкөдө жасалган шоколад, суу май жана газдалган суусундуктарды көп алат. Ошондой эле эң ири импорт курулуш материалдарына туура келет.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын отчетунда кыргызстандыктар Казакстандан чыккан кайсы товарларды көп керектей турганы көрсөтүлгөн.

Тигүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жумада 17 кардар жоготтук! Чек ара көйгөйү КР тигүүчүлөрүн сызга отургузууда
Андагы маалымат боюнча үстүбүздөгү жылдын январь-август айларынын аралыгында Казакстандан Кыргызстанга кирген товардын суммасы 308 миллион долларды түзгөн.

Статистика көрсөткөндөй, кыргызстандыктар тамеки үчүн 244 күндүн ичинде эле 28 миллион доллар сарптаган. Керек болсо мунай зат бир миллионго арзан түшкөн.

Алдыңкы үч товардын акыркы катарында 25 миллион долларга сатып алынган буудай турат. Саат сайын Кыргызстанга казактардын бир тонна буудайы киргизилип турат. Ал эми ун 3 миллионго сатып алынган.

Кыргызстандык кожойкелер коңшу өлкөнүн эт азыктарын жактырат. Мисалы, бир гана эт консервалары үчүн суткасына 3,5 миң доллар сарпталган. Ал эми пахта, йогурт жана айранга 3,4 миң доллар кеткен.

Май тармагын өзүнчө сөз кылууга арзыйт: бир килограммы бир долларга бааланган маргаринди кыргызстандыктар 6 миллион долларга сатып алышкан. Ар бир секундада 231 граммы желген күн карама майы 4,8 миллион долларга алынган.

Кыргызстандыктар мүнөт сайын Казакстандан келген шоколад менен момпосуйдан 3 килограмм жеп турат. 8 айдын ичинде таттуу-тарапаны эле 3,3 миллион долларга сатып алганбыз. Ал эми нан жана кондитер азыктарына 2,8 миллион доллар сарпталган.

Январдан августка чейин Кыргызстанга Казакстандан келген 77 миллион литр газдалган таттуу суу үчүн 12 миллион доллар жумшалган. Ал эми чайды 867 миңге сатып алганбыз. Бул бир суткада 889 килограмм чай ичилет дегенди түшүндүрөт.

Кам көрүүчү жана декоративдик косметика үчүн кыргызстандык кыз-келиндер 1,3 миллион доллар короткон. Чач каражаттары үч миллионду чапчыса, 3,5 миллион доллар тазалоочу порошокторду алууга жумшалган.

Казакстан бизди курулуш материалдары менен камсыздап келет, түзүлгөн келишимдердин баасы ондогон миллион долларга жетет. Мисалы, металл конструкцияларды жасоо үчүн талап кылынган материалга 11,6 миллион доллар жумшалган.

Мындан тышкары, Кыргызстанга Казакстанда өндүрүлгөн унаалар келет. 8 айдын ичинде ар бири орточо 23 миң долларга бааланган 491 унаа алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0