Ушу тапта Бишкектин тигүү цехтеринин абалы анчейин. Көйнөк, кофта тиккен жумушчулардын көбү кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал туурасындагы ар бир кабарга кулак түрүп турган чагы. Казакстанга товар жүктөлгөн унаалар канчалык бат барышынан алардын маянасы көз каранды.
Сырткыа кофта, сарафан, костюм же корсет сатуудан миллиондогон долларлар түшөт. "Made in KG" деген энбелги менен товарды казакстандыктар, россиялыктар жана белорустар кубануу менен сатып алышат.
Маселен, казакстандык эркектер жети ай ичинде өздөрүнө 4,7 миллион долларга кийим-кече сатып алышкан. Кездеме каптарына россиялыктар эле 1,7 миллион коротушкан. Ал эми белорустук аялдар Кыргызстанда өндүрүлгөн корсетке 154 миң доллардан ашуун каражат сарпташкан.
"Россия жана Казакстанга иштейбиз. Алар азыр бизге заказ кылуудан чочулап турат, себеби, биз белгиленген мөөнөткө товар жеткирилерине кепилдик бере албайбыз. Кыргызстанда биз кичи цехтерден ири фабрикаларга чейин кызматташабыз. Алардын баары азыр эмне кыларын билбей калышты: биз эмне болуп жатканын түшүнбөй жатабыз", — деди ал.
Guka Jalie тигүү ишканасынын сатык боюнча менеджери Алина Бекированын айткандарына караганда, бул компаниянын Москвадагы кардарлары да кечиктирүүлөргө баш ийүүгө аргасыз: бир чоң жүк эки суткадан ашык кечигип, башкасы дагы жок эле дегенде төрт күн кармалып барары күтүлүүдө.
"Жүктү учак менен ташууга да аракет кылдык, бирок абдан көп чыгымга дуушар болдук: аба аркылуу жүк ташуу автомобилге караганда кырк эсеге кымбат болуп чыкты. Жүк ташуучу авто менен бир көйнөк 5 рублга кымбаттаса, аба каттамы аркылуу 200дү кошуп калмакчы", — деп белгиледи ал.
Кыргызстандан Казакстан, Белоруссия жана Россияга кийим жөнөткөн Angels Fashion интернет-дүкөнүнүн директору Агалык Агалыков бир жума ичинде эле 17 дүң кардарынан айрылганын белгилеп өттү. АнынАйтымында, айрымдар украиналык тигүүчүлөрдөн товар сатып алууга өтүштү.
Кыргыз-казак чек ара көйгөйү 10 күндөн бери уланууда. Бул Астананын "көмүскө импортко" каршы күрөшүнүн кесепети. 18-октябрда премьер-министр Сапар Исаков Астанага барып жеке жүгү бар адамдар, жүргүнчү ташыган каттамдагы автобустар, жеңил унаалар жана бош жүк ташуучу унаалардын артыкчылыгы боюнча макулдашууга жетише алды.