Ыйлагың келет... Кыргыз ССРинин депутаттары кандай болгон
Ыйлагың келет... Кыргыз ССРинин депутаттары кандай болгон
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргыз ССРинин 70-90-жылдардагы депутаттарынын сүрөттөрүн чогултту. Агезде депутаттык мандатка чабандар, мугалимдер, жазуучулар, пахтачылар ээ болчу. 26.10.2017, Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргыз ССРинин 70-90-жылдардагы депутаттарынын сүрөттөрүн чогултту. Агезде депутаттык мандатка чабандар, мугалимдер, жазуучулар, пахтачылар ээ болчу.
Ондогон жылдар мурдагы кыргыз парламентарийлери кандай болгондугуна Sputnik агенттиги кызыгып көрдү. Эл өкүлдөрүнүн китепкана, жыйын, жаратылыштагы сүрөттөрүнө көз чаптырыңыз.
Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев менен айтылуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дагы көңүл сыртында калган жок.
СССРдин Жогорку советинин сегизинчи чакырылышынын биринчи сессиясы. Депутаттар (солдон оңго): колхоз жетекчиси Тойчу Кочубаев, СССР Жогорку советинин совет бирикмесинин төрагасы Алексей Шитиков, Кыргызстандын Кара-Суу райондук партия комитетинин биринчи катчысы Кадыркул Абдыразаков жана кыргызстандык бригадир-шахтер. 1970-жыл, июль айы
Кыргыз ССРинин Жогорку советинин депутаты, кийин тышкы иштер министри. Дипломатиялык мамилелерге опол тоодой салым кошкон — Жамал Ташибекова. 1981-жыл, октябрь
Бул сүрөттү көргөндө азыркы депутаттар китепканага басып барат болду бекен деген ой кетет. Сүрөттө СССРдин Жогорку советинин депутаты, "Ставропольский" совхозунун чабаны Зинаида Жапаркулова китепканада. 1985-жыл, июнь
Франциянын политехникалык окуу жайынын студенти, Кыргыз ССРинин Жогорку советинин депутаты Калия Токтогулова (оңдон үчүнчү) кесиптештери менен. 1986-жыл, январь
Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов дагы бир кезде депутат болгон. Кремлде өтүп жаткан СССР элдик депутаттарынын жыйынында тартылган сүрөт. 1989-жыл, июнь