ЖКнын маалымат кызматы КТРК жетекчисинин сынына жооп берип, комитеттик угууга чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү
КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси КТРКнын 2017-жылы республикалык бюджеттен алган каржысы 446 млн. 967 миң сомду түздү деп билдирди

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетине айткан сынына өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу жооп жазды.

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөгөн шайлоо баннери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айлык акы, той, мектеп... Талапкерлердин короткон акчасына эмнелер келмек
Белгилей кетсек, КТРК башчысы парламенттин тармактык комитетинин жыйынына 42 мамлекеттик чиновник келип, бирок алардын үчөөнө гана депутаттар суроо узатып, калгандары көрүүчү болуп карап отурушканын жазган. Ал эки саат ичинде бюджет кеминде 13 миң сомун жоготуп, эң аз дегенде көптөгөн мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду деген маанайда баяндаган. Себеби чечим чыгара турган адамдар убактысын жыйынга коротуп жатканын белгилеген.

Мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси орунсуз деп эсептей турганын жазып чыкты.

"Мамлекеттик бюджет жөнүндө мыйзам өлкөнүн жашоо-турмушундагы маанилүү мыйзамдардын бири. Андыктан, анын аткарылышын кароодо бюджеттен каржыланган ар бир мекеме эл өкүлдөрүнүн, парламенттин алдында жылына бир жолу отчет берүүгө милдеттүү. Тиешелүү комитеттер мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жетекчисин чакырып, элдин салыгынан чогулган акчанын каякка кетип жатканы тууралуу сурап алууга укуктуу. Мындай учурда чиновниктердин убактыбыз текке кетип жатат дегендей пикир айтуусу этикага дагы, мыйзамга дагы туура келбейт", — деди Нуракун уулу.

Ал пайдалуу аракеттердин коэффициенти чиновниктин иш бөлмөсүндө олтуруусу менен гана чектелбей турганын белгилеген.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК комитети Казакстан берчү 100 млн. доллардан баш тартууну колдоду
"Кыргызстан 2011-жылдан баштап парламениттик-президенттик башкарууга багыт алган. Тилекке каршы, жаңы системага көнбөгөндөрдүн, шайланып келген депутаттарга нааразылардын жана шайлоо учурунда жеңилип калган тараптардын ички ызасын жалпы Жогорку Кеңештен чыгаруусу өнөкөткө айланып барат. Коом ичинде парламентти таратыш керек, санын жана чыгымдарын кыскартыш керек дегендей чагымчыл, биресе популисттик пикирлер дагы жок эмес. Илим мырзанын тармактык комитеттин жыйынына карата айткан сын-пикири социалдык тармакта мына ушундай тескери маанайды күчөтүп жибереби деп кооптонобуз. Анткени, ал катардагы эксперт-сынчы эмес, ал КТРКнын жетекчиси жана көрүнүктүү коомдук ишмер", — деп маалымат кызматтын жетекчиси жазды.

Нуракун уулу мамлекеттин бюджетин бекитип берген жогорку бийликке сын айтуунун ордуна, ошол каражатты натыйжалуу пайдаланып жатабызбы деген суроону өзүнө-өзү берип, Жогорку Кеңештеги талкуулардан тыянак чыгарышы керектигин белгилеген.

"КТРК республикалык бюджеттен жылына жүз миллиондогон сом каржы алат. 2017-жылы бул сумма 446 млн. 967 миң сомду түзгөн. Коомдук канал өзүнүн милдеттерин так аткарып жатабы? Элдин мүдөөсүнө жараша иштеп жатабы? "Пайдалуу аракеттеринин коэффициенти" кандай? Ушул сындуу суроолорго жооп бергиси келсе, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековду сөзсүз түрдө атайын угууга чакырат", — деди Нуракун уулу.

Ал ошондой эле кыргыз парламенти коомдук пикирге, берилген ар бир сунуш, айтылган сынга, элдин көңүл чордонунда турган маселелерге кайдыгер карабай турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0