00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Почему люди идут к гадалкам: психолог о тревоге, плацебо и иллюзии контроля
12:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте ШКУнун трансулуттук кылмышка каршы күрөшүү борбору ачылат. Уюм эмнеге коопсуздук маселелерин күчөтүүдө?
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
On air
14:06
60 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
10 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ мамлекеттериндеги керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу коомдук институттардын тажрыйбасы бизге үлгү
15:12
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Дмитрий Балбекин - о юбилее, ролях и том, как меняется актер с возрастом
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Идеалдуу аялдын жалпы кабыл алынган образы кандай? Аялдар бул стереотиптерден тажадыбы?
17:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
ЕС требует от Кыргызстана усилить контроль за экспортом - что происходит
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Кызым» тасмасы: балдардын коопсуздугу тууралуу коомду ойготкон жаңы фильм
19:06
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Что будет с рынками ЕАЭС на фоне кризиса на Ближнем Востоке
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ мамлекеттериндеги керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу коомдук институттардын тажрыйбасы бизге үлгү
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ураган курулуштун жумушчусу: катуу үн чыккан, көзүмдү ачсам палатада экенмин

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаПострадавший Арсен Муратбек уулу
Пострадавший Арсен Муратбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлангандардын бири атын айтуудан баш тартып, кепке келген жок

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Борбор калаада жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн жанындагы курулуш урап түшүп, андан жабыркап, ооруканага жеткирилгендердин экөө учурда дарыланып жатат.

Обрушение части строящегося здания в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Фотофакт: Бишкекте курулуп жаткан имараттын урап калган бөлүгү
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия улуттук борборуна барып, курулуштагы кырсыктан жабыркагандардан кабар алды.

Эске сала кетсек, 23-октябрда Бишкекте "Авангард-Стиль" компаниясына таандык жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн жанындагы курулуш ураган.

Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия улуттук борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабековдун айтымында, кырсык болгон күнү ооруканага 12 адам жеткирилген. Учурда алардын ичинен оор абалда деген экөө калып, башкалары үйүнө чыгарылган.

"23-октябрда саат 15:00дөн тарта бир эле учурда 12 адамды бул борборго алып келишти. Анын экөө оор, тагыраагы эсин жоготкон абалда болчу. Реанимацияга жаткырып, текшерүүдөн өткөрдүк. Бирөөнүн колу чыгып кеткен экен, кайра киргиздик. Экинчисинин буту-колу сыйрылып, шок абалында болгон", — деди Жумабеков.

Алар ооруканадан түшкөндөн эки сааттан кийин жалпы бөлүмдөргө которулуп, он куруучу үйлөрүнө коё берилген.

"Денелери сыйрылып, эттери бир аз жанчылып, чоюлуп калган экен. Олуттуу жаракат жок болгондуктан, амбулатордук жардам көрсөтүп, үйлөрүнө кетирдик. Учурда бизде эки бөлүмдө эки бейтап жатат, акыбалдары жакшы. Акыл-эси тунук, сүйлөп жана басып жүрүшөт. Өмүрлөрүнө коркунуч жок. Жакынкы күндөрү ооруканадан чыгышат" — дейт Жумабеков. 

Бейтаптарды кепке тартканда…

Sputnik Кыргызстан эки бейтап менен сүйлөшүп, окуянын кандай болуп кеткенин угуп, абалына кызыкты.

Завод по сортировке и переработке смешанного тарного стеклобоя в Минске - Sputnik Кыргызстан
Элчилик: Россияда колу-буту жулунуп каза болгон кыргызстандыктын өлүмү териштирилет
Травматология бөлүмүнө жаткырылып колу сынган деген бейтап атын атоодон баш тартты. Анын айтымында, аталган компаниянын курулушунда иштегенине бир айга чукул гана убакыт болгон. Учурда компаниянын өкүлдөрү жардамдашып жатат деген сөздөн башка ашыкча маалымат айткан жок.

Экинчи жабырлануучу 22 жаштагы Муратбек уулу Арсендин колу-буту сыйрылып, бул жерге эс учун жоготкон абалда келген.

"Авангард-Стиль" компаниясында үч жылдан бери эмгектенем. Ден соолугум жакшы болуп калды. Фирма карап жатат. Ал күнү эмне болгону так эсимде жок. Биз ошол маалда имараттын алдында жайгашкан бассейнде жүргөнбүз. Мындай окуя болуп кетет деп кимдин оюна келиптир. Ичин жөн эле караштырып жатканбыз. Катуу үн угулганын бир билем… Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин. Колу-бутум сыйрылыптыр. Жыгылсам керек, уранды басып деле калган жок. Азыр ден соолугум Кудайга шүгүр", — деди Арсен.

Ал курулуштагы ишин улантаары саламаттыгына байланыштуу экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0