00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Талас: коляскада отурган 33 жаштагы Айтбек өз колу менен жер айдоочу трактор курады

Жазылуу
Айтбек Таштанбеков беш жыл мурун ооруп, үч ирет жасалган операциядан кийин коляскага отуруп калган.

Таштанбековдордун үйүн Таластын Миң-Булак айылынан табуу кыйынчылык деле жараткан жок. Көчөдө ойноп жүргөн жаш балдардан тарта айыл аксакалдарына чейин баары таанышат экен. "Трактор чогулткан Айтбек кайсы үйдө жашайт?" деп сурасаңыз улуулары жабыла кол жаңсап, кичүүлөрү ээрчитип барып көрсөтүшөт.

Чек арадан товар өткөрүп иштеген Индия апа: араба түртүп бутума турдум - Sputnik Кыргызстан
Чек арадан товар өткөрүп иштеген "Индия апа": араба түртүп бутума турдум
Биз короосуна кирип барганда Айтбек майып адамдарга кол менен айдоого ыңгайлаштырылып жасалган Nissan үлгүсүндөгү машинесинин рулунда олтуруптур. Жаңы эле тракторду текшерүү үчүн айдоого чыгарып, соко тартып келген экен. Трактордун ичинде бушайман болуп, ачкычын бурагылап атасы Баратбек, сокосун кармалап жардам берип иниси Асан чуркап жүрүптүр.

Айтбек Таштанбеков ооруга чейин айылда трактор айдап, жер иштетчү. Ага катар жүк ташуучу машина айдап, Кара-Кечеден Бишкекке көмүр ташычу. Кесиби боюнча радиомеханик. Беш жыл мурун капыстан ооруга чалдыгып, белине үч жолу операция жасаткандан кийин майып болуп калган.

33 жаштагы Таштанбеков буту баспай калганына карабай азыркы күндө дагы жер иштетип дыйканчылык менен үй-бүлөсүн багат. Кылган ишине көмөк болсун деп атасынын жана инисинин жардамы менен үйдөгү эски автоунаалардын тетиктеринен "Бизон" аттуу тракторду кол менен чогултуп алган.

"Мурда өзүм кол менен техника чогулткан эмесмин. Майда-чүйдөгө алек болбой, дароо эле көзгө көрүнөөрлүк ишти көздөп, трактордон баштадым. Эми механигим менен слесардын көңүлү келишсе, элден буйрутма алып ушундай тракторлорду чогултууну жолго койсок", — деп кыялданат жеңиштин даамын татып калган Айтбек.

Баткен: токсонду таяган аксакал 60 жылдан бери бир шайтан араба тээп келет - Sputnik Кыргызстан
Баткен: токсонду таяган аксакал 60 жылдан бери бир шайтан араба тээп келет
Колго чогулган трактордун видеосун Айтбек бир жыл мурун интернеттен көрүп, өзү да чогултуп көрүнүү чечет. Видеотасмадагы трактордун конструкциясын жакшыртып, өзгөртүп, атасынын жана инисинин жардамы менен бир жыл ичинде үйдөгү эски автоунаалардын тетиктерин курап, жер айдоого ыңгайлашкан күчтүү трактор чогулткан. Айтбек тамашалап өзүн "конструктор", атасын "механик", инисин "слесарь" дейт. Тракторду эркелетип "Бизон" деп атап алышкан.

Таштанбековдун айтымында, бул техниканы чогултууда КамАЗ жүк ташуучу автоунаанын, Т-150, ЮМЗ-6 тракторлорунун тетиктери колдонулган. "Бизон" заводдон чыккан тракторлордон эки эсе күчтүү, күйүүчү майды аз жейт. Мындан тышкары, айдоого жеңилдиги, ыңгайлуулугу менен айырмаланат. Эң негизгиси, бул трактор кийин колдонууда да арзан түшөт, анткени тетиктери арзан.

"Бүтүрүп көчөгө айдап чыккан күндөн тартып, "сат, мен сатып алайын" деп келгендер көп. Макул болбой жатам, өзүбүздүн жерди иштетебиз", — дейт конструкторлукту аркалаган Айтбек Таштанбеков.

"Бизон" азырынча толугу менен бүтө элек. Акырындап төрт дөңгөлөгү тең күч менен сүйрөй турган кылам деген Айтбектин максаты ишке ашса, анда бул трактор азыркыдан да күчтүү болуп, чегилген соконун санын көбөйтүүгө жана оор жүк ташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0