БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Борбор калаада катуу шамал үзүп кеткен электр зымдарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын "Түндүкэлектр" ишканасы билдирди.
Мындан улам Бишкектин "Төкөлдөш" конушунун түндүк тарабында, "Чыгыш-5" кичирайонунун түштүк жагында, Свердлов акимиаты менен №66 мектепте электр энергиясы болбойт.
"Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери саат 14.00гө чейин уланат", — деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 18-октябрга караган түнү ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал болуп, электр зымдарга зыян келтирген.