БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 1990-жылдан 2016-жылга чейинки убакыт аралыгында беш жашка чейинки балдар өлүмү үчтөн экиге кыскарган. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин КРдеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
БУУнун Кыргызстандагы Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Мунир Мамедзаденин айтымында, бул медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырганынан кабар берет.
"КР Саламаттык сактоо министрлигинин ЮНИСЕФ жана саламаттык сактоо тармагындагы бардык өнөктөштөр менен биргелешкен аракетинин артында медицина кызматкерлери өз көндүмдөрүн жана билимдерин жогорулатты. Ошондой эле медициналык жабдуулар жаңыланып, балдарга медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун сапаты жакшырды. Ушундай жөнөкөй чечимдер балдардын өмүрүн сактап калууда. Кыргызстан балдар арасындагы өлүм санын үчтөн экиге кыскартуу боюнча Миң жылдыктын өнүгүү максаттарына жеткен дүйнөдөгү 62 өлкөнүн бири болуп эсептелет", — деди Мамедзаде.
БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган.