БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ставрополь крайынын өкмөт төрагасынын орун басары болуп Кыргызстанда төрөлгөн Эркинбек Алимов дайындалды. Аны өкмөт мүчөлөрүнө аймактын губернатору Владимир Владимиров тааныштырган. Маалыматка ылайык, Алимов аймакка инвестиция тартуу боюнча иш алып барат.
Эркинбек Алимов 1962-жылы 24-апрелде Ош облусунда жарыкка келген. СССРдин Коргоо министрлигинин жогорку окуу жайында билим алган. Кийин Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетинде окуган.
Окуусун аяктагандан кийин СССРдин мамлекеттик көзөмөл органдарында, СССРдин мамлекеттик коопсуздук комитетинде жана Россиянын коопсуздук министрлигинде иштеген.
2013-жылы Хабаровск крайынын губернаторунун кеңешчиси да болгон. 2014-жылы Россия президентинин Крым республикасындагы иш башкармалыгынын башкы кеңешчиси кызматына дайындалып, иш башкармалыкка тиешелүү бардык объектилерди көзөмөлдөгөн.