Тушоо кесүү салтынын мааниси, эмне себептен баланын бутуна ала жип байланарын жана кааданын эрежелери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Айымкан Жаманкулова айтып берди.
Тушоо кесүү салтынын мааниси
Тушоо кесүү — негизинен кичине балдардын майрамы. Анткени бул күнү там-туң баскан наристенин тушоосун чымылдаган, ниети таза балдар кесип, белектер да ошолорго берилген. Алар менен бирге тойго ата-энелери, айылдын аксакалдары да чакырылган.
Жүндөн эшилген ала жип
Алгач тушоосу кесилип жаткан ымыркайдын бутуна ак менен кара жүндөн эшилген жип чалып байланат. Бул жип сөзсүз эле койдун жүнүнөн жасалган эмес. Эгер бул кааданы жасоо убактысы кой кыркым мезгилине туш келбей калса, ала жипти куйрук жүн, шакмар, такым сыяктуу жүндөрдөн деле жасаса болгон. Жашоодо ак менен кара, кубаныч менен кайгы, күн менен түн бирге жүрөт, ошонун баарына бала чыдап, сабырдуу болуп жашашы үчүн жип кара менен ак жүндөн эшилип жасалган.
Тушоо кесүү эрежеси
Кандай белек берилет?
Наристенин бутундагы жипти кесиш үчүн той ээлери колдонулбаган атайын жаңы бычак даярдап коюшкан. Ал бычакты марага биринчи келген бала алат. Ошондой эле мурда той ээлери белекке биринчи келгенге тай коюп, мал энчилешкен. Андан сырткары, эркек балдарга бекем болсун деп камчы, чылбыр берсе, кыздарга жоолук, ийне, ошондой эле чоң энелердин жасаган белектери болгон. Андан сырткары, балдарды кубантуу үчүн таттуулар таратылган.
Негизи тушоо кесүүдө айрым гана учурда боз уландар чуркабаса, илгери азыркыдай келин-кемпирден тарта карыган абышкага чейин чуркаткан эмес. Ар биринин өз орду болгон.
Тушоо кесилбесе эмне болот?
Тушоо кесүү — бул элдик ишеним, каада. Ырымды жасабай коюу баланын тагдырына таасир тийгизбейт, бирок элден бата алып коюу оң.
Тушоо кесүүдөгү бата
Андан соң той уланып келген конокторго дасторкон жайылган.