Интернетке жеңил унаа менен кагышуудан кийин оодарылып кеткен автобустун ичинен тартылып алынган видео тарады.
Жол кырсыгы Кытайдын Хунань провинциясында болгон. Видеону YouTube тармагына Ackeoae Fkaoras аттуу колдонуучу жарыялаган.
Роликте көрүнүп тургандай, автобустун айдоочусу капталдан жеңил унаа каккандан кийин рулду дароо четке буруп, бирок аны башкара албай калган.
Жүргүнчүлөр бул көз ирмемде отурган жерлеринен ыргып кеткени көрүнүп турат.
Оодарылып кетип, 30 метрге чейин сүрүлүп барган автобустун бир гана жүргүнчүсү жабыркады.