БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында 52 миллиард 37 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, белгиленген план 100 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматта быйылкы салыктын келип түшүүсү 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миллиард 345,7 миллион сомго же 9,1 пайызга көбөйгөнү айтылат.
Ошол эле учурда сатуу салыгын кошпогондо салык 6 миллиард 283 миллион сомго же 14 7 пайызга өскөн.