Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова Алтынбек Максутовду кепке тартып, жашоосундагы урунттуу учурларын эстетти.
— Маданият министри болуп турганда интервьюларыңыздын биринде чыгармачылыкка убакыт таппаганыма кейип калам деп айтканыңыз бар экен. Азырчы?
— Кудайга шүгүр, 24 саат бою эркин, чыгармачылыктын үстүндөмүн. Эки жыл мамлекетке кызмат кылдык. Учурда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда көркөм жетекчимин. Министриликке чейин ал жакта башкы режиссер болуп эмгектенгем. Филармонияга барышымдын себеби синтезделген чыгармаларды жаратып, аларды бат иштеп чыгуу болду. Андан сырткары, өзүмдүн "Макал Арт" чыгармачылык тобум менен алектенип жатам.
— Сизди кайсы бир деңгээлде министрлик кызмат өзгөртө алдыбы?
— Көз карашымды өзгөрттү десем болот. Эки жылдык министрлик кызмат ишмердүүлүгүмдөгү чоң мектеп болуп берди. Мурда мамлекетте жүрүп жаткан маданий иш-чараларды чыгармачыл адам катары карасам, азыр мамлекеттин деңгээлинде түшүнөм. Маданияттын абалы, аны өзгөртүүнүн жолдору тууралуу билем.
— Ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сизди айрым кызматтык милдеттерди аткарууда кемчилик кетирген деген кине менен кызматтан алган. Чындыгында эле ошондой болду беле?
— Эгерде жетекчи ошондой деп чечсе, ага макул болуш керек. Анткени биз мамлекеттик кызматкербиз. Министрлик менин атамдан калган орун эмес. Кемчиликтер боюнча пикирим бар. Мага сөгүш берилгенден кийин өкмөт мүчөлөрүнөн түшүндүрүп берүүсүн сурангам. Бирок эч кимден так жооп уга алган жокмун. Жөн гана алардын чечимине баш ийдим. Иш үстүндө чоң катарларды кетирдим деп эсептебейм.
— Кызматтан кетүү оор болду беле?
— Чынын айтсам, оор болгон жок. Маданияттан толугу менен кетип жатпагандан кийин өкүнгөн жокмун. Ошол эле учурда сүйүнгөн да жокмун. Түшүнүү менен кабыл алдым десем болот. Менден кийин министриликке татыктуу адам келгенине сүйүндүм.
— Министрликте сиз аткарган иштер, аткарганга жетишпей калган убадалар кайсы болду?
— Мамлекеттик жумуштун баары бири-бирине байланышкан. Мен муну эле аткарам, тигини башкасы аткарсын деген жок. Ошол эле учурда мен ушул нерсени аткардым деп өзүнчө бөлүп айтканга болбойт. Маданияттын ичинде айрым көйгөйлөр бар. Маселен, дайыма айтылып келген айлык маянасы. Бул нерсе да аздан жолго коюлуп келе жатат. Чыгармачылыл адамдардын үй маселеси да чекесинен чечилип жатат. Маданиятты өстүрүү үчүн кыйын абалдагы театрларды оңдоо иштери жүргүзүлүшү керек. Кылган жумуштарды майдалабай эле коеюн, кылынбай калган иштер мындан көп. Ар бир ишти жүзөгө ашырууда убакыт талап кылынат.
— Кайрадан министрликке сунуштаса барат белеңиз?
Министрлик абдан жоопкерчиликтүү жана оор жумуш. Азыр бир нерсе деп айта албайм, аны убакыт көрсөтөт. Учурда Түгөлбай Токтогулович менен тыгыз байланышта иштеп, маданиятка кызмат кылып келе жатабыз. Мени ушул нерсе сүйүндүрөт.
— Түшүнүктүү. Азыркы жумушуңуз эмнеси менен жагат?
— Көркөм жетекчиликтин мурдагы башкы режиссерлуктан өзгөчөлүгү — чыгармачылыктын саясатын жүргүзүүчү жумуш. Филармония улуттун жүзү десек болот. Анткени элибиздин көркөм өнөрүнүн бардыгы ошол борборго чогулган. Кыргызбай Арапбаевич (филармониянын директору — ред.) административдик иштерди карай турган болсо, ошол жердеги 375 чыгармачыл адам, сегиз топтун жетекчисинин иши мени менен байланыштуу.
— Башында ырчылыкка тапшырып өтпөй калган экенсиз. Азыр ырчылык өнөрүңүз эмне болуп жатат?
— Мектепте окуп жүргөндө комуз менен баян классын чогуу окугам. 8-класста Күрөңкеев атындагы окуу жайга өтпөй калып, таарынганда музыкант эмес, артист болом дегем. Эки жылдан кийин Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайга тапшырдым. Улуттук аспаптарды жасоого кызыккандыктан 2006-жылы ошол эле Күрөңкеевдин үйлөмө аспаптар бөлүмүн аяктагам. Өзүмдү чоң ырчы катары сезбейм.
— Кандай жанрдагы ырлар көңүлүңүзгө жакын?
— Театрда жүргөндө бир пьеса үчүн чачыңызды узун кылып өстүргөнүңүз чынбы?
— Биз Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында жүргөндө орусча дагы, кыргызча дагы спектаклдерди койчубуз. Даниялык жазуучу Кристиан Андерсендин "Суук тумшук" (гадкий утенок) чыгармасын он жыл ойногом. Анда боюм узун, арык бала болчумун. Суук тумшук жүдөп жүрүп аягында ак кууга айланган жеринде чачы жайылып кетет. Узун чачымды өзгөчө региондорго барганда таң калуу менен кабыл алышчу.
— Убагында мурутчан министр атка кондуңуз окшойт. Канча жылдан бери мурут коюп келесиз?
— 1990-жылдан тарта студент курагымдан бери коюп келе жатам. Азыр муруту жок өзүмдү элестете албайм. Муну мурут коюп жүргөндөр жакшы түшүнөт.
— Муруттуу адамдар олуттуу көрүнөт. Негизи жашоодо мүнөзүңүз кандай?
— Аны теңтуштарым же мени жакшы билген адамдар айтса керек. Биз чыгармачыл адамдар ичибизде эмне болсо ошону чебелектеп айтабыз. Бирде олуттубуз, бирде жеңилбиз, бирде учабыз, бирде конобуз. Бизди эже-агайлар окутканда жан дүйнөдө жаш бала болуш керек деп айтышкан. Чыгармачылыкта ишенчээк болгондо гана ролду аткара аласың. Андыктан мүнөзүбүз ар кандай.
— Жумушта кандай жетекчисиз?
— Үй-бүлөдө кандай адамсыз?
— Илгери артисттер жер кезип гастролдойт десе, азыр турмуш тиричилик үчүн төрт-беш жерде иштеп балдарыңа көңүл бурбай калышың мүмкүн. Кечинде атайын балдарыма убактымды бөлүп, мээримимди төгүп, насаатымды айтканга аракет кылам. Жубайым — актриса Таалайкан Абазова. Ортодо эки кыз, бир уулубуз бар. Тун балабыз быйыл студент болду.
— Жубайыңыз абдан таланттуу актриса. Бир үй-бүлөдө эки чыгармачыл адам болсо, көп учурда бирөө гана эл алдына чыгууну туура көрөт экен. Менимче, сиздерде бири-бириңиздерди колдоо болсо керек?
— Жубайым экөөбүз бир окуу жайды аяктап, бир театрда 20 жыл иштедик. 23 жашыбызда үйлөнүп, төрт жылдан кийин балалуу болдук. Чыгармачылыл адамдар өзүнө окшош адамды табыш керек деп ойлойм. Мени мурда эч ким таанычу эмес. Көп учурда Таалайкан Абазованын күйөөсү деп айтышчу. Анан министр болуп шайланганда тескерисинче болду. Мен ушул убакытка чейин бир театрда талыкпай иштеп, үч-төрт окуу жайда билим алып келгем. 2010-жылдан тарта мамлекеттик иштерге катуу кириштим десем болот.