БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Балыкчы шаардык хатибияты калаадагы 50 жакыр үй-бүлөгө бир тоннадан көмүр таратканын муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
"Буга чейин жетим-жесир жана жакыр 50 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон болсо, бүгүн кышка карата даярдык көрүлүп, 50 тонна көмүр таратылды", — деп айтылат маалыматта.
Жардам алган үй-бүлөлөр кайрымдуулук колун сунган инсандарга ыраазычылыгын билдиришти.