00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:30
0 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше штрафов — меньше аварий? Обсуждаем новые меры безопасности
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Казакстан 1,6 миң мигрантты өлкөдөн чыгарды. Кыргыз жарандары кантти...

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүГород Байконур
Город Байконур - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда эмгектенген кыргыз жарандарына карата текшерүүлөр күч алганын социалдык тармактарга жазышууда. Муну Казакстандын ИИМи оперативдик-профилактикалык иш-чараларды өткөрүп жатканы менен түшүндүрдү. Ал эми Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз мекендештер менен байланышып, ал-жайларын сурады.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Казакстандын ИИМинин мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаев өлкө аймагында кыргыз жарандарына карата атайын текшерүүлөр жүрүп жатат деген маалыматты четке кагат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди. 

Маалыматка караганда, Казакстанда 4-октябрдан бери эле "Нелегал-2017" аталышындагы оперативдик-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жаткан.

"Анын алкагында 11-октябрга карата 11,8 миң чет элдик жаран административдик жоопкерчиликке тартылды. Алардын 11 миңи КМШ өлкөлөрүнүн, калганы алыскы чет мамлекеттердин жарандары. Булардын арасынан 1,6 миң адам өлкөдөн чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, чет элдик жарандарды мыйзамсыз ишке алган 420 казакстандык административдик жоопкерчиликке тартылган. Бирдиктүү реестрдин сотко чейинки иликтөөлөрүндө миграция мыйзамдарынын кылмыштуу тартибин бузган 120 учур катталган. Ошондой эле издөөдө жүргөн 28 кылмышкер кармалган. Алардын 24ү Казакстандын, төртөө КМШ өлкөлөрүнүн жарандары.

Анткен менен Казакстанда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар 10-октярбдан тарта катуу текшерүүлөр башталганын айтышууда.

Кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп чубалжыган фуралардын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп чубалжыган фуралардын асмандан көрүнүшү
Тараз шаарында соода-сатык менен алектенген Бакыт Алманбетов бүгүн эртең менен саат 8:00дөр чамасында полициянын тузагына илинген.

"Мени эртең менен базарга келе жаткан жеримден полиция кармап автобуска салып кетти. 100дөн ашуун киши 11 саат бою Миграция кызматынын залында отурдук. Кеч киргенде документтерибизди алып калып бир-бирден коё бере баштады. Документтерди текшерип бүткөндө өздөрү чакырарын айтышты", — деди Алманбетов.

Ал ошондой эле арасында аялдар менен жаш балдар дагы бар экенин кошумчалады.

Алматыда эмгектенген Айбарчын Мусаева кечээтен бери миграция кызматынын өкүлдөрү базарларды катуу текшерүүгө алганын белгилейт.

"Кечээ биздин үйдө жашаган бир баланы кармап кетиптир. Анын документин алып калып кечинде кайра коё берген. Бүгүн документин алууга аракет кылып чуркап жүрөт. Ушуга окшогон текшерүүлөр Бажы биримдигине киргенге чейин тез-тез болуп турчу. Андан кийин токтоп калган эле. Бул жактагы кыргыздар WhatsApp группалар аркылуу бири-бирин этият болууга үндөшүүдө", — деди Мусаева.

Анткен менен Астананын "Шарын" аттуу базарында иштеген Беренбек Изабек уулу ал жакта текшерүүлөр болбогонун билдирди.

Казакстанга баруу үчүн чек арада кезекте тургандар. Видео - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга баруу үчүн чек арада кезекте тургандар. Видео
"Биздин базар тынч, рейд жүргөн жок. Бирок башка базарлар текшерилип жатаканын айтышууда", — деди Изабек уулу.

Белигилей кетсек, 10-октябрда кеч курун кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарында көзөмөл күчөп, жарандар жана автоунаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүндө көйгөй жаралган. Бүгүн, 11-октябрда да абал өзгөргөн эмес

Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы өлкөнүн бардык чек арасында анын ичинде кыргыз-казак чек арасында дагы пландалган операция болгонун расмий билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0