БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин эки кызматкери бычакталганын УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 9-октбярь күнү аталган райондо эл аралык террордук топтун жашыруун иштеген бөлүмүнүн ишмердигин токтотуу максатында иш-аракеттерди көрүп жүрүшкөн. УКМК кызматкерлери дал ошол маалда бычак жеген.
"Учурда кызматкерлердин абалы канааттандырарлык. Алар Ош облустук ооруканасында", — деди УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов.
Облуста "Перехват" планы жарыяланып, райондук ИИБи тарабынан кылмыш иши козголду.