Жумакадыров кабылган жол кырсык беш баланы жетим калтырды

© Sputnik / Азамат АралбаевГибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП
Гибель вице-премьера Темира Джумакадырова в ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер жана анын жардамчысы менен айдоочусу Чүй облусундагы Москва районунда жол кырсыкка кабылып көз жумду

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандын вице-премьери Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев менен айдоочусу Нурбек Мукановдун өмүрүн алган жол кырсык беш баланы жетим калтырганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өкмөттөн билдиришти.

Бүгүн, 7-октябрь күнү саат 7.30дар чамасында Москва районунун Садовое айылында болгон авто кырсыктан вице-премьер Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу көз жумган.

  • Темир Жумакадыров 38 жашта эле, артында үч кызы калды;
  • Вице-премьердин жардамчысы Нурлан Жамгырчиев 30 жашта болгон, артында бир уулу калды;
  • 32 жаштагы айдоочу Нурбек Муканов уулун тарбиялап жаткан.

Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу каза болгон жол кырсыгы тууралуу акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0