Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылдын 5-6-октябрында Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары бир канча өңүттөн өтө маанилүү.
Экинчиден, далай жылдар бою салкындап келген кыргыз-өзбек карым-катнашы кайрадан жандана баштаганы менен, эки тарап ийри отуруп, түз кеңешип чечип алчу маселелер толтура. Айрым чек ара бекеттеринин ачыла башташы, туңгуюкка келип кептелгендей көрүнгөн чек араларды тактоо ишинин илгерилеши, Ошто жана Анжиянда эки элдин ымаласын ысыткан маданий салтанаттардын дүңгүрөп өтүшү, Шавхат Мирзиёевдин Бишкекке жасаган жемиштүү визити – бул айсбергдин үстү гана, башкача айтканда, мамлекеттер аралык мамилени кадимки калыбына келтирүү жараянынын башталышы гана. Ортодо ишеним чыңдалып, экономикалык, саясый жана маданий-гуманитардык кызматташуу кемелине келиш үчүн дагы далай убакыт жана аракет керек. Кыргыз президентинин өз мөөнөтү аякташына жакын калгандагы Ташкентке визити, ага өзбек тарабынын мамлекеттик деген макам ыйгарышы ушуга алып барчу жолдун башаты, пайдубалы деген үмүттү жандырат. Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин кийинки мамлекет башчысына карата коңшу өлкөлөр менен эриш-аркак жашоого артыкчылык ыйгаруу зарылдыгын ишара кылган саясий мурасы деп түшүнсөк болот.
Жаңы өзбек бийлиги канчалык демократиялык өзгөрүүлөргө ыктап, буга чейин негизинен ички рынокту коргогон жабык экономикасын ачууга аракеттенбесин, Кыргызстан менен толук ишенимге негизделген мамиле орнотууга акырындап кадам артынан кадам жасап барууга аргасыз. Анткени экономикалык кызыкчылык үчүн коопсуздук маселесин курмандыкка чалуу тобокелчилиги бар. Кыргызстан демократиялык өнүгүүдө бир топ алдыга кеткен өлкө катары адамдардын ишенимдерине, иш-аракеттерине алда канча кенен эркиндик берет. Мындай абалдан пайдаланып Өзбекстандын коопсуздугуна коркунуч жаратчу элементтер Кыргызстанга жайгашып, идеяларын, таасирин жайылтышы мүмкүн деген кооптонуу өзбек тарабында болуп келген жана жакын арада жок болбойт. Өзгөчө "Ислам мамлекети" авантюрасы ишке ашпай, талкаланып, андан качкан согушкерлердин көпчүлүгү демократиялык режим өкүм сүргөнү үчүн кайтып келүүгө Кыргызстанды тандоосу мүмкүн деген божомол айтылып жаткан учурда мындай шек-күмөндүн жоголо коюшунун өзү күмөн. Андан тышкары, Өзбекстан үчүн Кыргызстан тажик жергеси аркылуу Афганистандан келүүсү мүмкүн болгон куралдуу оппозициядан бөлүп турган буфер аймагы да болуп саналат. Ушул себептерден улам, эки өлкөнүн жарандары үчүн эң зарыл болгон чек араны толук ачуу жараяны али узак жылдарга созулуусу мүмкүн. Ал эми өзбек тарабы курган чек арадагы зымторлор алынып, казылган аңдар толтурулабы же жокпу, бул да азырынча суроо бойдон калат.
Автордун ой-пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн