БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы кайсы учурда персоналдык идентификациялык номерге (ПИН) өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болорун түшүндүрдү.
Кыргызстандын жана чет элдик жарандардын персоналдык номер алуусу же аны өзгөртүүсү ЗАГС органынын бардык аймактык бөлүмдөрүндө (катталган жерине карабастан) жана чет элдик мекемелеринде ишке ашырылат.
Персоналдык идентификациялык номер кыргызстандыктарга, чет элдик жана жарандыгы жок адамдарга бекер берилет.
ПИНге өзгөртүү киргизүүгө төмөнкү учурларда уруксат берилет:
- Жарандык абалдын актылары жаатында бекитилген мыйзамдарга ылайык туулган күнүн өзгөртүү учурунда;
- Бирдей аты-жөнү бар эки же андан көп киши болгон учурда идентификациялык номерди өзгөртүүгө болот;
- ПИН номер берилип жатканда туулган күнү жана жылы жөнүндөгү талаага туура эмес жазылып калса;
- Персоналдык идентификациялык номерди берүүдө кетирилген техникалык каталар болсо (бир эле жаранга бир нече ПИН берилсе, аты-жөнүнүн так жазылбаганы);
18 жашка толо электерге ПИН номер берүүдө төмөнкү документтер керектелет:
- Бекитилген форма боюнча жазылган арызга ата-энелердин биринин колу коюлуп, паспортунун көчүрмөсү тиркелиши керек;
- Туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актыдан көчүрмө, болбосо Кыргызстандын жараны экендигин тастыктаган башка документ, көчүрмөсү менен;
- Эгер туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүк же туулгандыгы жөнүндө бекитилген актынын көчүрмөсү жок болсо жарандын туулгандыгы жөнүндөгү фактыны бекиткен соттун чечими.
18 жашка толгондорго төмөнкү документтер керектелет:
- Бекитилген форма боюнча арыз;
- Туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актыдан көчүрмө, болбосо Кыргызстандын жараны экендигин тастыктаган башка документ, көчүрмөсү менен;
- Эгер туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүк же туулгандыгы жөнүндө бекитилген актынын көчүрмөсү жок болсо жарандын туулгандыгы жөнүндөгү фактыны бекиткен соттун чечими.
Чет элдик жарандарга же жарандыгы жок адамдарга төмөнкү документтер керектелет:
- Бекитилген форма боюнча арыз;
- Өздүгүн тактаган документ (чет элдик паспорт/жарандыгы жок экендиги жөнүндө күбөлүк/кайрылман күбөлүгү/качкын күбөлүгү) жана анын көчүрмөсү.
Чет элдик өспүрүмдөр төмөнкү документтерди көрсөтүүсү керек:
- Бекитилген форма боюнча документ;
- Туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актыдан көчүрмө, көчүрмөсү менен;
- Ата-энесинин биринин документи (чет элдик паспорт/жарандыгы жок экендиги жөнүндө күбөлүк/кайрылман күбөлүгү/качкын күбөлүгү) жана анын көчүрмөсү.