Кара-Суу районундагы Шарк айылында окуучуларды ташып бараткан маршрутка аласалып, алты окуучу жабыркаганын облустук Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирди.
Анын айтымында, кырсык 3-октябрь күнү саат 18.00дөр чамасында болгон. Окуучуларды үйүнө жеткирип бараткан Mersedes Benz-313 үлгүсүндөгү маршруттук такси Honda Step автосу менен кагышып, аласалып кеткен.
"Маршруткада "Жетиген" мектеп-гимназиясынын окуучулары болгон. Кырсыктын кесепетинен алты бала жабыркап, Ош облустук ооруканага жеткирилди. Алардын үчөөнө тиешелүү жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген. Ал эми калган үчөө ооруканада", — деди Бечелов.
Ал ошондой эле кырсыкка Honda Step унаасынын 25 жаштагы айдоочусу телефонго алаксып кеткендиги себеп болгондугун кошумчалады.