АКШнын мурдагы преизденти Барак Обама менен Британиянын ханзадасы Генри Уэльский Торонтодогу баскетбол беттешине барды.
Москвадагы эл аралык "Крокус Экспо" көргөзмө борборунда "ИгроМир — 2017" иш чарасы жана Comic Con Russia 2017 фестивалы өттү.
Германиянын бундестагына шайлоо өттү. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришинче, Ангела Меркель башында турган Христиан-демократиялык союзу партиясы алдыга озуп чыкты.
Парижде мода жумалыгы өттү.
Каталонияда референдум учурунда эл менен полициянын кагылышы болду. Көз карандысыздык боюнча өткөн референдумга испан өкмөтү менен Конституциялык соту тыюу салган.

Жер ортолук деңиздеги бороондо калган кеме

АКШнын мурдагы преизденти Барак Обама менен Британиянын ханзадасы Генри Уэльский Торонтодогу баскетбол беттешине барды

"Крокус Экспо" көргөзмө борборунда "ИгроМир — 2017" иш-чарасы жана Comic Con Russia 2017 фестивалы өттү. Москва

Германиянын бундестагына өткөн шайлоодо Ангела Меркель башында турган партия эң көп добуш алды

Россиянын Красноярск аймагындагы Буйбин ашуусундагы кар көчкүгө каршы курулган тосмо

Кокс-Базар шаарында качкындар лагериндеги оорулуу баласын колуна кармаган аял. Бангладеш

Сириянын Эль-Баб шаарынын сыртындагы таштанды полигонунда иштеп жүргөн кыз

Түштүк Кореянын аскерлери химиялык чабуул болуп кетсе кантип коргонуу керектиги боюнча машыгуудан өтүштү

Мексикадагы жер титирөөнүн кесепети. Иттери менен ойноп жаткан кыз

Швейцариялык спортчу кыз Германиянын Оберстдорф шаарында өткөн Nebelhorn Trophy турниринде бийлеп жатат. Бул мелдеште Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 2018-жылы өтүүчү Олимпиадага жолдомо ойнотулду

Париждеги мода жумалыгы

Тизилип конуп турган чымчыктар. АКШ, Канзас-Сити

Каталониядагы референдум учурунда тартылган сүрөт. Элди добуш берүүгө үндөгөн жаштар

Гукер аралы. Иттер үчүн салынган жыгач уя

Кытайдын Цзянси провинциясындагы фарфор заводундагы жумушчулар иш учурунда

Кемерово облусундагы карьерде токтоп турган БелАЗ

КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү менен соттолгондор Арашан айылынан Заречная айылына чейин чуркап өтүштү

Москвада "Круг света — 2017" эл аралык VII фестивалдын жабылуу аземи