Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен болгон маекте спорттук маалыматтарды чагылдыруу, бул тармактагы журналисттердин иши, мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
— Жакында эле Ашхабадда өткөн Азия оюндарына барып келдиңиздер. Бул жолу оюндарды чагылдырууда кандай артыкчылыктарга, кыйынчылыктарга туш болдуңуздар?
— Бул спорттук оюндарды чагылдыруу оңой болгон жок. Анткени 153 спортчунун ичинен 50дөн ашык бала 70 медаль алды. Ар бир спортчунун күйөрманы, жакын тууганы, ата-энеси бар. Бардыгына маалымат жеткирүү зарыл болду.
Оюнду чагылдырам деген жалпыга маалымдоо каражаттарынын саны көп болду. Бизден үч телеканал аягына чейин, бюджетке жараша оюндун ортосуна чейин дагы эки облустук телеканал, бир интернет редакция, мамлекеттик агенттиктен пресс-атташе катары мен бардым. Ашхабаддан жөнөткөн маалыматтарды бул жактан биздин үч кызматкер иретке келтирип таратып жатышты. Эки жума мурда маалыматты кандай жөнөтөбүз, байланыш кандай болот деген маселени талкуулаганбыз. Көптөн бери чечилбей жаткан көйгөй — бул трансляция. Маалым болгондой олимпиадалык оюндардын системасында бардык видео, тасмаларды сатып алуу керек. Бул жолу тилекке каршы түз алып берүү болгон жок.
2013-жылы мамлекеттик агенттикте пресс-борбор түзүлгөндөн тарта редакциялар менен тыгыз байланышып, сунуш-пикирлерди үстүнөн иштеп жаттык. Жылдын аягына чейин системаны ордуна койгонбуз. Биринчиден спорт журналисттерин бириктирүү, алардын бири-бири менен болгон байланышын чыңдоо болду. Азыр редакциялардын көбүндө спорт журналисттердин кошумча жумушу болуп калган. Баштан аяк спортко малынган маалымат булактарынын саны аз.
Буга чейин бизде маалымат жыйын өткөргөн борбор жок эле. Кийин жыйын борборун ачып, атайын оператор, фотокорреспондент алып иштей баштадык. Мамлекеттен спортчуларга бөлүнгөн ар бир тыйынга отчет даярдалып, ал биздин интернет сайтта турат. Мурда бюджет ачыкка чыкчу эмес. Бул коррупцияны алдын алуунун бир гана жолу.
2016-жылы жетекчиликке Канат Аманкуловдун шайланышы менен төрт кызматкерден турган коомчулук менен байланыш бөлүмү ачылды. Буга чейин жалгыз гана маалымат катчы болгон. Ошого жараша төрт дирекция ишке кирип, ар биринин маалымат катчылары иштеп жатат.
— Мамлекеттик агенттиктин пресс-кызматынын иштешине төрт гана жыл болгондуктан айрым архивдик материалдарды алууда көйгөйлөр бар. Бул жагын да караштырсаңыздар кандай болот?
— Архивдик иштерге башынан эле көңүл буруп келебиз. Жакын арада улуттук спорттун түрлөрү боюнча архивдик маалымат топтолгон даректүү тасманын бет ачары болот. Кийинки жылы олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча тасма даярдайбыз. Эл аралык Олимпиада комитетинен да архивдик маалыматтарды алуу планыбыз бар. Бизде архивдик маалыматтар документке эле байланышкан. Видео-тасма, сүрөт боюнча иштеген атайын штат жок. Буга техниканын, каражаттын жоктугу себеп. Бул маселени сөзсүз түрдө иретке келтиргенге аракет кылабыз. Архивдик маалыматтар боюнча колубуздан келген жардамды берүүгө даярбыз, биздин максат — маалыматты жайылтуу.
— Мультимедиалык маалыматтарды берүүдө автордук укук маселеси кандай каралган?
— Түшүнүктүү. Өлкөдө спорттук жаңылыктар элдин назарын канчалык деңгээлде бура алат деп ойлойсуз?
— Кээ бир спорттук жаңылыктар бүйүр кызыткан саясий кабардан да озуп кеткен учурлар болот. Жакында эле Казакстанда өткөн көк бөрү боюнча дүйнөлүк биринчиликте тарткан видеолорубуздун саны YouTube каналында 100-200 миңге чейин көрүүчү топтоп жатты. Бирок бардык эле спорттук иш-чаралар мынчалык деңгээлде каралбайт. Бул көрсөткүч оюнду уюштуруудан көз каранды деп ойлойм. Оюндун ичинде шоу өткөрүүнүн элементтери болушу керек. Олимпиадалык оюндардын же UFC турниринин өтүшүн мисалга алууга болот. Буга биринчиден акча маселеси, экинчиден спорт журналисттеринин аздыгы себеп. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда атаандаштык болбогондуктан, маалыматтарды изденүү менен чагылдыруу жок. Дагы бир себеби, бизде каттодон өткөн 60тан ашык федерация болсо, ошонун 3-4дө гана маалымат катчы иштейт.
— Каттоодон өткөн жана өтпөгөн федерациянын артыкчылыгы эмнеде?
— Аккредитация — бул мамлекеттен каржы алуу. Эгерде федерациянын региондордо секциялары иштесе, машыктыруучулар квалификациялуу болсо, жетекчиси, уставы, юридикалык көрсөтмөлөрү болсо аккредитациядан өтө алат. Андан кийин бери дегенде бир жылдан төрт жылга чейин планын жазып келет. Эгерде максатыбыз туура келсе, биздин талаптарга жооп берсе, албетте, иштешебиз. Көздөгөнүбүз — спортту өнүктүрүү. Бизде федерациялардын саны көп. Бирок мамлекет баарын камсыздай албайт. Маселен, чет мамлекетте жыйынтык көрсөткөн гана федерация каттала алат.
— Учурдагы спорт журналисттеринин маалыматты чагылдыруу деңгээлине кандай баа бересиз?