"Карышкыр" Бекишев: спортчулар деле бейтааныш адамдан, караңгы жерден коркот

© Фото / федерация Кулатуу эртаймашБоец смешанных единоборств Ариет Бекишев
Боец смешанных единоборств Ариет Бекишев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макала жарык көрөр алдында Ариеттин Түркмөнстанда башталган жабык имараттагы Азия оюндарында коло утуп, Кыргызстандын байге куржунуна алгачкы медаль алып келгени белгилүү болду.

Мужчина с портфелем - Sputnik Кыргызстан
Рингден трибунага карай жол. Спорттон саясатка секирген аткаминерлер
Бир жума мурда "Карышкыр" каймана аты менен таанымал спортчу Ариет Бекишев WEF Global-9 турниринде казакстандык атаандашы Рустам Сайдуллаевди жеңип, аталган турнирдин чемпиону аталган.

Адатта спортчулар менен болгон маек жарым саатка араң жетчү эле, бул жолу Бекишев спортчулардын ары кызыктуу, ары түйшүктүү жашоосу тууралуу кененирээк маек куруп берди.

— Ариет, мен билгенден WEF Global-9 турнирине өзүбүздүн эле мушкер менен чыкмак элеңиз?

— Беттеше турчу атаандашым Мырзамидин Пазылов үч күн калганда колун кокустатып алып, анын ордуна Казакстандын көзгө басар мушкери Рустам Сайдуллаев менен чыктым. Ал экөөбүз мындан үч жыл мурун Кыргызстандын чемпионатында кезигип, мен упайлардын эсебинен утуп кеткем. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАриет Бекишев: спортко аралашкандан тарта "Боец" клубунда, машыктыруучу Эмил Токтогоновдун колунда тарбияланам
Боец смешанных единоборств Ариет Бекишев - Sputnik Кыргызстан
Ариет Бекишев: спортко аралашкандан тарта "Боец" клубунда, машыктыруучу Эмил Токтогоновдун колунда тарбияланам

— Атаандаш жаңы болбогондон кийин рингде урушуу техникасын байкаштыруу деле оор болбосо керек?

Спортчу Барчынай Узгенбаева - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Барчынай: кыздар менен чабышканды спортко келгенде токтоттум
— Андан бери ал дагы, мен дагы көптөгөн кармаштарды өткөрүп күч топтодук. Ал менден 10 жашка улуу. Интернеттеги видеолордон бардык беттештерин көрүп чыктым. Экөөбүз тең партерде жакшы иштейбиз, бирок атаандашым кара күч жагынан артыкчылыгы бар эле. Карылуу экендигин биринчи рауннда эле көргөздү. Алсыз жери — бат чарчайт экен. Ошон үчүн экинчи раундга чейин аны алдан кетирүүнүн амалын көрүп, үчүнчү рауннда грэпплинг, жиу-житсунун ыкмасына салып утуп алдым.

— Түшүнүктүү. Спортко кантип келип калгансыз?

— Аганы көрүп ини өсөт демекчи, аралаш мушташ боюнча өлкө чемпиону, байкем Азизбек Нурматовдун таасири аркасында келгем. Анда 2012-жыл эле, күрөш менен баштап үч айдан кийин аралаш мушташка келдим.

— Андан бери жалпы канча беттеш өткөрдүңүз?

— Спорт сүйүүчүлөр арасында көп эле беттеш болду. Профессионалдар арасында жети ирет күч сынашып, баарын тең жеңгем. Кудайга шүгүр, жеңилүү ызасын тарта элекмин.

— Учурда кайсыл жакта машыгасыз?

— Спортко аралашкандан тарта "Боец" клубунда, машыктыруучу Эмил Токтогоновдун колунда тарбияланам. Эмил агай курама команданын да машыктыруучусу. Ал жакта машыгуу күн алыс болгондуктан, кошумча залдарга барып турабыз.

— Спортчулар кымбат баадагы витаминдерди ичет деп айтышат. Аны беттешке даярдануунун бир ыкмасы катары карасак болобу?

— Албетте, бирок витаминдердин бардыгы арзан эмес. Беттештин алдында атайын машыгууларга барып келебиз. Машыктыруучунун алдында индивидуалдуу даярдыктар болот. Күн тартибин, тамак-ашты мүнөздөп ичүүнүн ыраатын да агайлар түзүп берет.

— Ал витаминдерди медициналык жактан сиздерге кимдер сунуштайт?

— Залдагы байкелер кеңеш берип турушат. Интернеттен да маалыматарды карайбыз. 

© Фото / федерация Кулатуу эртаймашАриет Бекишев: кудайга шүгүр, жеңилүү ызасын тарта элекмин
Боец смешанных единоборств Ариет Бекишев - Sputnik Кыргызстан
Ариет Бекишев: кудайга шүгүр, жеңилүү ызасын тарта элекмин

— Бизде спорттук фармокология өнүкпөй турган учурда ден-соолукту тобокелге салуудан башка арга болбосо керек?

— Биз ичкен витаминдердин ден-соолукка зыяндуулугу деле жок. Маселен, күнүгө эки маал машыкканда эртеңкиге чейин булчуңдар калыбына келүүгө жетишпей калат. Бери жагы бир күн тыныктырыш керек. Организди да аз убакытта витаминдүү тамактар менен толтура албайбыз. Анан кечке эле машыга берсең салмагың азайып, күчүң кете берет.

— Ал витаминдерди каяктан, канчага алып келесиздер?

— Борбордо атайын спорттук азык саткан дүкөндөр бар. Ар бир спортчу беттешине ар кандай акча сарптайт. Мен бир турнирге 15 миңге чукул каражат жумшайм.

— Анан турнирге чыкканыңыз кайра ошол акчаны актайбы?

— Азыр биз жашпыз, атыбыз үчүн иштеп жаткан убак деп айтар элем. WEFтин максаты — бизди өстүрүп, чоң аренадагы турнирлердин эшигин ачуу. Акчалуу жактарга урушуш үчүн сенин деңгээлиңди аныктай турган Sherdog көрсөткүчүң жогору болушу керек. WEF бул маселени эбак колго алган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАриет Бекишев: алдыда бийик максат болбогондон кийин спорттун ысыгына күйүп, суугуна тоңуу кыйын эле
Боец смешанных единоборств Ариет Бекишев - Sputnik Кыргызстан
Ариет Бекишев: алдыда бийик максат болбогондон кийин спорттун ысыгына күйүп, суугуна тоңуу кыйын эле

— Жогоруда өзүңүз айтып кеткендей турнирге даярдануу үчүн каражат керек. Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз?

— Учурда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура окуу жайында магистрдик бөлүмдө билим алам. Күндүз окуп, кечинде машыгам. Кошумча иштебейм. Агаларым жардам берип турат. Арасында бизди колдогон депутат байкелер да бар.

— "Алгандын бергени бар" деген сөз бар эмеспи. Силер колдогондорго кантип жооп кайтарасыңар?

— Ал байкелер кыргыз спорту үчүн күйгөн патриоттор. Ортодо соодалашуу деле жок. Көңүлдөн чыкканын жардам катары эле беришет.

— Спортчу болуу кыйынбы?

— Оор эле. Дос балдарым "сени менен кошо залга барам" дей беришет. Бирок өтөсүнө чыккан бир дагы бала боло элек. Залга ашып кетсе бир ай чыдайт. Алдыда бийик максат болбогондон кийин спорттун ысыгына күйүп, суугуна тоңуу кыйын эле. Мындай караганда эмнеге күндө машыгып жанымды кыйнайм дейсиң. Каалоо, анан максат болсо натыйжа болот деп айтар элем.

— Спорчулар шамал өтсө эле чүчкүрүп-бышкырып, айтор жаш баладай болуп калат деп коюшат экен?

— Күндө машыккан сайын тер чыга берип, денедеги тешикчелер ачылып калат экен. Шамал болсо ооруп калганыбыз ошондон болсо керек. Анан да камыр, майлуу тамактарды жей берсең салмагың өсүп кетет. Беттешке чукул салмак кууганда такыр эле тамак ичпей каласың. Ачка жүрө берип, түнкүсүн уктай албай калган учурлар болот.

— Ашказан тамак сураган учурлар көп эле болдубу?

Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
ТОП-11. ММА мушкерлери Кыргызстанды дүйнөгө таанытабы?
— Негизи мен салмак кууган көйгөй менен деле алышчу эмесмин. Дайыма 62 килограмм менен чыкчумун. Рейтинг жогорулаган сайын күчтүү атаандаштар чыга баштады. Акыркы эки беттеште 10 килограмм салмак куудум. Бир жума калганда туздуу, таттуу, калориясы көп тамактардан баш тартып, күнүнө бир маал эле азыктанып баштайбыз. Ошол учурда ачкалыктан уктай албай, ачууланып, сиркең суу көтөрбөй калат.

— Анан беттеш бүтөөрү менен ашканага чуркайсыздар?

— Ашказан деле аз тамак жегенге көнөп калат да, аз-аздан көндүрө баштайбыз. Беттешке чыкпаган күндөрү каалаган тамагыбызды жеп жүрө беребиз. 

© Фото / федерация Кулатуу эртаймашАриет Бекишев: спорттогу агам Руслан Ниязакунов Рингдеги көк жалдай мүнөзүмө карап "Карышкыр" деген каймана ат берген
Боец смешанных единоборств Ариет Бекишев - Sputnik Кыргызстан
Ариет Бекишев: спорттогу агам Руслан Ниязакунов Рингдеги көк жалдай мүнөзүмө карап "Карышкыр" деген каймана ат берген

— Сиздин салмагыңыз да, боюңуз да кичирээк экен. Бир көргөн киши рингдеги атаандаштарды тизелетип коеруңузду деле билбесе керек. Чыр-чатак чыккан жерде кандайсыз?

— Көчөдөн көп урушпайм, ачуум келсе уруп коерумду билем да.

— Аргасыздыкка барган учурлар болду беле?

— Ушул жазда машина айдап келе жатып, башка бир айдоочу менен жол торошо кетип, мейли деп өткөрсөм кайрадан жолумду тороп, сигнал бассам эч жылбайт, шашып да бара жаткам. Түшүп "байке, нары жылдырып койбойсузбу, өтүп кетейин" десем кыйкыра баштады. Олбурлуу неме экен, мени кичинекей болсо эле унчукпайт дегендей уруп жиберди эле, анысы тийбей калып мен бир чапсам жерге түшүп калды. Айланада мени тааныгандар бар экен, тиги байкеге спортчу бала деп айтышты окшойт. Бири-бирибизден кечирим сурап жолубузду уладык.

Ассаламу алейкум дорогие друзья мои! Спасибо всем за поддержку и теплые слова! Я стал Чемпионом мира по версии WEF GLOBAL в наилегчайшем весе! Хотел бы поблагодарить моих тренеров @emil_toktogonov @rustamomurbekov которые уже сколько лет тренирует и готовят мне на бои!И больше спасибо организаторам WEF GLOBAL @wef_global @kydyrmyshev_official @wef_news @abdyrahman_ermekbaev которые дали мне площадку показать себя! А также моих спарринг партнеров,которые были рядом со мной на протяжении моей подготовки к последнему бою @aktilek_algyr @samat_emilbekov_mma @emilbekov_azat @azatbek_anarbaiuulu @elaman_talantbekov @kabylan_95 @nurbek_uulu_erlan_mma @nursultan_kenjekulov Хочу поблагодарить клубы "БОЕЦ"@fight_club_boes_mma,Стронг @strong.kg и Ройал Спорт @royal.sprt которые также играют важную роль в моих подготовках к боям! И отдельное слово благодарность @prosport_kyrgyzstan @print_mix.kg @t_d_t___ @tt.aliev @imperiya_sporta.kg спасибо вам большое за все! Но это все начало,самое интересное еще впереди Инша Аллах! #карышкыр

Публикация от BEKISHOV "WOLF" ARIETⓂ️🇰🇬 (@wolf_team_kgz) Сен 9 2017 в 3:04 PDT

— Негизи эле караңгы, ээн жерден, анан да бейтааныш адамдардан кооптонгон учурлар болот. Жок эле дегенде кара күчүмө таянайын дейсиң. Спорчулар андай жерде жүрөгү тоодой болсо керек?

— Көчөдө ар кандай окуялар болот. Айрымдар курал-жарак алып жүрүшү мүмкүн. Көпчүлүктүн арасынан таш менен деле чаап ийиши ыктымал. Кудай сактанганды сактайм дейт. Бизде деле коркуп, кооптонгон учурлар болот. Спортчулар үчүн ден-соолук маанилүү. Кокус катуураак жаракат алчу болсоң таймаштарга чыкпай каласың. Ызы-чуу, мушташ деген жерлерден да алыспыз.

— Баса, рингде кантип "Карышкыр" каймана атына ээ болгонсуз?

— Жашоодо токтоо болгонуң менен рингде көк жалдай тырышчааксың деп айтышат. Ошол себептен спорттогу агам Руслан Ниязакунов "Карышкыр" деп койсо керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0