БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. 29-сентябрдан 6-октябрга чейин Бишкектин айрым көчөлөрүнө жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынан маалымдашты.
Бирдирмеге караганда, оңдоо иштерине байланыштуу газ берүү үзгүлтүккө учурайт.
Көгүлтүр оту өчүрүлө турган көчөлөрдүн тизмеси:
- 29-30-сентябрь, Үч-Коргон айылы, Атамамажан көчөсү;
- 2-3-октябрь, Аламүдүн айылы, "Кыргызстан" жаңы конушу, Панфилов, Манас, Гоголь, Школьная көчөлөрү;
- 3-4-октябрь, Бишкек шаарынын Пархоменко, Курманалиев, Кантемиров, Куликов көчөлөрү;
- 5-6-октябрь, Кайназарова 48-54, Дэн Сяопин 258-296 көчөлөрү.