БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстан эки жылдан бери Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү болуп келет. Андыктан, өлкө эмнеге жетише алды, дагы кандай нерселер аткарылбай турат жана Кыргызстан ЕАЭБдин башка мүчөлөрүнө оңтойлуу өнөктөшпү өңдүү суроолордун чыгышы негиздүү.
Быйыл Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин структурасын жетектейт. Бишкекте төрагалык кылуунун жыйынтыктары жана евразиялык интеграциянын өнүгүү багыттары талкууланды. Суроолордун баарына конференцияда жооп айтылды.
Кыргызстан үчүн кандай рынокторго жол ачылат? Өкмөттүн жообу
Кыргызстан 2017-жылы ЕАЭБде ар тараптуу соода багытындагы тоскоолдуктарды жоюу жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратууну сунуштаганын биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгулов эске салды.
"2016-жылдан тарта экономиканын масштабынын айырмачылыктарына карабастан, экономикалык өнүгүү теңделүүдө. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында инфляциянын деңгээли 3,5-3,7, ал эми Кыргызстан боюнча 3,8 пайызды түзгөн. Экономикалык өсүш бардык өлкөлөрдө калыбына келди, ошол себептен ЕАЭБде товар айлантуу жогорулады", — деди Абдыгулов.
"Бул аталган мамлекеттердин рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн арттырат жана ЕАЭБ товарларын экспорттоого өзгөчө жеңилдиктерди жаратат", — деп түшүндүрдү биринчи вице-премьер.
Соңунда Абдыгулов интеграциянын жыйынтыгында өлкөбүз бир катар артыкчылыктарга ээ болгонун эске салат. Ал эмгек мигранттарынын абалы жакшырганынан улам акча которуулардын көлөмү өскөнүн мисал келтирди.
Кемчиликтери
Конференцияда козголгон темалардын бири — Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы ветеринардык көзөмөл. Бирок депутат Евгения Строкова башка да кыйынчылыктар бар экендигин айтты.
"Биз ЕАЭБдин техникалык регламенттеринен пайдаланууну өздөштүрө элекпиз, эл аралык стандарттарга азырынча ылайыксызбыз", — деди Строкова.
"Казакстан ветеринардык көзөмөл менен Кыргызстанды "кармап турат", ооба, бул жагдай кыжырдантат. Бирок башка жагын алып карасак, тармак силкине түшкөндө бизнес бул маселеге олуттуу карай баштады. Бул аябай түрткү болду", — деди Рахимов.
Кыргызстан эмнени колдон чыгарды жана Казакстан менен атаандаштык
Саясий экономиянын түпкү принцибинде түштүк өлкөлөр түндүктөгү мамлекеттерди багат, ал эми алар буга ыраазычылык иретинде коопсуздукту жана ресурсту камсыз кылат деген түшүнүк бар. Бирок бул принцип Кыргызстандын шартында жакшы иштей бербейт. Мындай пикирди "Однако" журналынын шеф-редактору Семен Уралов карманат. Ал Кыргызстан россиялык рынокто колдон чыгарган мүмкүнчүлүктөрдү мисалдар менен көргөзөт.
"2017-жылдын биринчи жарым жылдыгын алалы, Кыргызстан сүт азыктарын 4,2 миллион долларга экспорттоду. Бул Улуу Британиядан эки эсе көп, Германиядан эки эсе аз көрсөткүч. Бирок Белоруссия бул продукцияны 488 миллион долларга сыртка сатты. Бул Кыргызстандан 4 миллион кишиге гана көбүрөөк болгон өлкө. Мен бир гана товардык позиция боюнча маалыматтарды мисалга алдым", — деди Уралов.
Кыргызстан азык-түлүк жана кийим-кечек өндүрүшү өңдүү урунттуу позицияларды жакшыртууга тийиш деп белгилейт ал. Ошондуктан, "кытай достор" сыяктуу эле кийимдерди көчүрүүдөн жалтанбай, маселен, күнөстүү өлкөдө өндүрүлгөн ширелер деп деле россиялык рынокко жайылтууга ашыгышы кажет. Москва шаарынын гана рыногун багындыруу үчүн жан үрөбөстөн, Сибирь жана Уралга да ыклас коюу абзел деген сунушун айтты Уралов.
"Норильскте сезон артта калганда же баштала электе картошканын бир килограммы 10 долларга чыгат. Түндүктө кышында ашкөктөн эле 400-600 пайыз киреше табууга болот. Тоңдурулган ашкөктүн бир учагы гана чартердик рейстин чыгымдарын жаап кое алат", — деп белгиледи серепчи.
ЕАЭБ Өзбекстан менен тыгыз кызматташып келет, өзбекстандык товарларды кайра экспорттоо оюгун ээлөөгө болот, азыр бул ролду Казакстан алууга умтулууда деп сөзүн жыйынтыктады эскперт.
Алматылыктар эмнеге Кыргызстанга рахмат айтууга тийиш же ЕАЭБ долбоорлорунун үлгүлөрү
Рахимов жакында эле калыбына толугу менен келтирилген Бухаралык газ өткөргөн району — Ташкент — Бишкек — Алматы I жана II кезектеги магистралдык газ түтүкчөсүнүн ишке берилишин баса белгилейт. Маалымат каражаттары эмнеликтен бул долбоорду Кыргызстан менен россиялык "Газпромдун" эки тараптуу долбоору катары гана көрсөтүп койгонуна таңданат.
"Чындыгында бул евразиялык долбоор, анткени, азыр ал алматылык ЖЭЦ-2ни газга өткөрүүгө өбөлгө түзөт, бул менен дароо экология көйгөйүн да чечкен болобуз. Евразиялык интеграциянын далили бул. Алматылыктар бул үчүн бизге рахматын айтат, биз алардын экологиясын жакшыртып жатабыз", — деди Рахимов.
Кыргызстандын мүчө болушу ЕАЭБ аймагынын ар бир жашоочусуна кандай таасир этет?
Абдыгулов ЕАЭБдеги маанилүү маселени – санарип мейкиндикти жаратуу жагын алдыга жылдырып келерин эске салды. 2017-2018-жылдарга ЕАЭБдин бирдиктүү маалыматтык тутум планы иштелип чыгып, бекитилген.
"Мамлекет башчылары биримдиктин бирдиктүү санарип мейкиндигин түзүү процесстерин аныктаган санарип күн тартиби боюнча билдирүүгө кол коюшту. 2025-жылга карата ИДПнын жалпы өсүшүнүн кеминде 11 пайызын санариптик долбоорлорду жана демилгелерди жайылтуу камсыз кылат. Бирок өлкөлөр өз аракеттерин иретке салып турбаса, анда ИДПга салым эки эсе төмөн болот", — деп белгиледи биринчи вице-премьер.
"Бардык эмгекчилерге бирдей шарт жарата турган маанилүү документ. Ал пенсияны экспорттоо жана ЕАЭБ мамлекеттериндеги эмгек тажрыйбасын каттоо сыяктуу нерселерди камтыйт", — дейт Абдыгулов.
Бизнеске кеп-кеңеш
Интеграция чөйрөсүнө жооптуу болгон мурдагы вице-премьер Олег Панкратов ЕАЭБге мүчө болуу көп көйгөйдү чечет деп үмүт жандырган. Бирок эч нерсе өзгөрбөдү, ал тургай, өнөктөштөрдө кризиске тушуккан. Кийин кырдаал жумшарып, бир катар маселе өзүнөн өзү чечилген.
"Бирок бул бизнес эч нерсе кылбоого тийиш дегендик эмес. Кызуу кыймылдап, шарт түзүп берүү атаандаштык ишинде өзгөчө жеңилдик жаратпастыгын түшүнүү зарыл. Коңшу мамлекеттерде деле бизнес бош оюктарды ээлөөгө багытталган, ал эми өнөктөш мамлекеттер ыңгайлуу шарттарды жаратып берет", — деди Панкратов.
Сөз соңунда ал өлкөбүздүн рынокторго чыгууда мүмкүнчүлүктөр кең экендигин, бирок ошондой болсо да бизнес өкмөткө кайсы багытта жардам керектиги туурасында кабарлап турууга тийиштигин кошумчалайт.