Казакстандын Бокс боюнча федерациясынын кубогунда боксер жана анын машыктыруучусу реферини ур-токмокко алышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги кабарлады.
Анда Рахат жана Ерик Маржикпаевдер мелдештин чейрек финалындагы калыстын жыйынтыгына нааразы болуп калышкан. Ал эми аталган видеону Facebook баракчасына казакстандык коомдук ишмер Рахим Ошакбаев жарыялаган.
"Казакстандын бокс боюнча федерациясынын кубогундагы кызыктуу видео. Сыягы, Астананын машыктыруучусу калыстардын жыйынтыгына нааразы болуп калган өңдүү, өзүнүн боксчусу менен калысты токмоктоп салууга аракет кылышты. Алар бокс бул чыныгы мырзалардын спорту экенин унутуп калган өңдүү", — деп жазган Ошакбаев.
"Машыктыруучунун да, спортчунун да дисквалификацияланат. Бирок кайсы убакытка чейин мелдештерден чечттетилээри машыктыруучулар кеңеши жана аткаруу комитетинин бюросу чечет", — деди Абдрахманов.
Ал эми калыс машыктыруучу менен мушкердин абалына түшүнүү менен мамиле жасап, бирок алардын бул кылыгын жазасыз калтырбаш керек деп эсептейт.