Индияда поезд сууга толгон станциядан катуу ылдамдыкта өтүп, четте турган адамдарга "жамгыр жаадырды". Бул тууралуу Mashable порталы жазып чыкты.
Окуя Мумбаинин жака белиндеги Нала Сопара станциясында болгон. Поезддин сууга толгон аймактан катуу ылдамдыкта өткөнүн Мирон Энтони аттуу жаран тартып алып, Facebook социалдык тармагына чыгарган.
Поезд саатына 110 чакырым ылдамдык менен өткөн. Ал эми кийинчерээк диспетчердин станцияга суу толгондугу боюнча эскертүү бербей калгандыгы белгилүү болду.