Ысык-Көлдүн жээгинде 1,5 гектар жердеги куураган чөп жана камыш күйдү. Видео

Жазылуу
Учурда өрт эмнеден улам чыкканы такталууда

Ысык-Көлдүн жээгинде 1,5 гектар жердеги куураган чөп жана камыш күйгөнүн ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 21-сентябрда түштөн кийин катталган.

"21-сентябрда саат 16:04тө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Липенко айыл аймагынын Кой-Сары аймагындагы куураган чөп жана камыш күйгөн. Өрт саат 18:24дө толугу менен өчүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоону өчүрүүгө адистер тартылып, учурда кырсыктын себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0