Бишкектеги жакыр үй-бүлөлөргө бекер отун менен көмүр таратылууда

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек мэриясы калаадагы жакыр үй-бүлөлөргө бекер отун менен көмүр таратууда
Бишкек мэриясы калаадагы жакыр үй-бүлөлөргө бекер отун менен көмүр таратууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгынын билдиришинче, биринчи кезекте көмүр төшөктө жаткан майыптарга жана пенсионерлерге жеткирилүүдө

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаадагы жакыр үй-бүлөлөргө бекер отун менен көмүр таратууда. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, быйылкы күз-кыш мезгилине карата 4 миң 346 үй-бүлө 1,5 тоннадан көмүр алышат.

"Ленин районунда 1478 үй-бүлө, Октябрь районунда 500, Биринчи Май районунда 1 168 жана Свердлов районунда 1 200 үй-бүлө көмүр алат", — деп айтылат маалыматта.

Мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгынын билдиришинче, учурда төшөктө жаткан майыптарга жана пенсионерлерге көмүр жеткирип берүү аракеттери жүрүүдө.

Андан сырткары, каттоодо турган 667 жакыр үй-бүлөгө "Зеленстрой" ишканасы отун берген. Ар бир үй-бүлөгө 1,5 куб отун туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0