https://sputnik.kg/20170912/kara-zhygach-tokoyu-zamanbap-ehs-aluu-zhajyna-ajlanat-1035156658.html
"Кара-Жыгач" токою көз жоосун алган паркка айланат. Ага 30 миллион сом керек
"Кара-Жыгач" токою көз жоосун алган паркка айланат. Ага 30 миллион сом керек
Sputnik Кыргызстан
Сейил бакка жаңы аллея, фонтандар, футбол тааласы, даараткана, жуунучу жай курулат 12.09.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-09-12T10:31+0600
2017-09-12T10:31+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102727/55/1027275553_13:0:2000:1122_1920x0_80_0_0_8a70ddb897adaa6fbfe9bff7f60493b1.jpg
кара-жыгач
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2017
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102727/55/1027275553_213:0:2000:1122_1920x0_80_0_0_328f19a163a6d26e4b6b7272ed806bd0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, жаңылыктар, кара-жыгач
кыргызстан, коом, жаңылыктар, кара-жыгач
"Кара-Жыгач" токою көз жоосун алган паркка айланат. Ага 30 миллион сом керек
10:31 12.09.2017 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Сейил бакка жаңы аллея, фонтандар, футбол тааласы, даараткана, жуунучу жай курулат
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкектеги "Кара-Жыгач" токоюн көрктөндүрүү иштерин быйыл баштоо пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Свердлов райондук администрациясынан билдиришти.
Акимчилик учурда 21 миллион 200 миң сомго тендер жарыялады. Аллея, тротуар жана унаа токтотуучу жайларга асфальт төшөө жана суу өткөрүүчү каналдарды реконструкциялоого 16 миллион сом сарптоо каралган.
Ал эми жарыктандыруу жана телекоммуникацияны алып баруу иштерине 5 миллион 200 миң сом жумшоо пландалууда.
Шаар бийлиги сейил бакта төмөндөгү иштерди жүргүзөт:
- борбордук аллеяга асфальт төшөө;
- суу акчу каналдарды оңдоо;
- даараткана жана жуунуучу салуу;
- жарыктандыруу системасын жаңыртуу (чырак мамылары, электр зымдарын тартуу);
- эстрадалык аянтты реконструкциялоо;
- чон фонтанды жана суу ичүүгө ылайыкталган майда фонтандарды оңдоо;
- отургуч, таштанды урналарын жана сууга түшкөндөр кийинип-чечине турган кабиналарды куруу;
- администрациялык имаратты оңдоо;
- контейнерден таштандыларды чогултуу үчүн аянт куруу;
- футбол талаасын жана спорт менен алектенчү аянт куруу.
7-сентябрь күнү жарыяланган тендер 29-сентябрь күнү аягына чыгат.