БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Баткен шаарында алгачкы жолу ЕАЭБ талаптарына жооп берген ветеринардык лаборатория курулуп жатканын аймактык ветеринардык дартты аныктоо борборунун башчысы Абдималик Улуков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, курулуштун жалпы сметалык баасы 24 миллион сомду түзүп, октябрь айында колдонууга берилет.
"Аймактын чек арада жайгашканын эске алуу менен лаборатория облустук борборуна салынып жатат. Эми баткендиктер Ошко же Бишкекке барып убара болбой сүт жана эт продукцияларына ушул жерден эле тастыктама алса болот", — деди Улуков.
Эки кабаттан турган лабораторияда эт, сүт, бал жана жумуртканын сапаты текшерилет. Улуков бул үчүн Россиядан акыркы үлгүдөгү жабдуулар сатып алынып жатканын белгиледи. Алардын жардамы менен азыктардын кайсы мөөнөткө чейин сактоого болорун аныктоого жол ачылат.