БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Мьянманын бийлиги Бангладеш менен болгон чек арасына мина коюуда. Бул тууралуу Reuters агенттиги Бангладештин өкмөтүндөгү булагына таянуу менен билдирди.
Маалыматка ылайык, миналар үч күндөн бери тикенек зымдардын түбүнө чейин коюлууда. Бангладештиктер коңшулардын мындай кадамдары тууралуу тартылган сүрөттөрдөн жана атайын маалыматтардан билишкен.
"Биздин күч органдар тикенек зымдардын жанында иштеп жаткан үч-төрт топ жерге бир нерселерди коюп жатканын көрүшкөн. Биз атайын булактар аркылуу алар мина коюп жатканын билдик", — деп агенттиктин маектеши билдирген.
Алдын ала маалыматтар боюнча шаршемби күнү Бангладештин бийлиги чек арага жакын жерге мина орнотууга расмий түрдө каршы чыгары айтылууда.
Ракхайн штатындагы мусулман-рохинжалар менен будда дининдеги бирмалыктардын ортосундагы келишпестик бир нече жылдардан бери уланып келет.
Чатак аталган мамлекетте бийлик аскерлерден жарандык өкмөткө өтүп, демократиялык реформалар башталганда күч алган.