БШК Текебаев менен Келдибековду шайлоодон четтетти

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЖогорку Кеңештин экс-төрагалары Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин экс-төрагалары Өмүрбек Текебаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-төрагаларды буга чейин сот күнөөлүү деп тапкан

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин экс-төрагалары Өмүрбек Текебаев менен Ахматбек Келдибековду президенттике талапкер катары каттоодон баш тартты. Бул тууралу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган комиссиядан билдиришти.

Портфель - Sputnik Кыргызстан
Президент болом дегендердин саны 24кө түштү
БШК эмнеден улам каттоодон баш тарткандыгын кийинчерээк кабарлай турганын маалымдады.

Эске салсак, Бишкектеги Биринчи Май райондук соту 16-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга кесип, мүлкүн мамлекетке чегерүү боюнча чечим кабыл алган.

Ал эми Ахматбек Келдибеков өткөн жылдын март айында кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, сот 10 миллион сомго жыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0