Маектешибиз Эмил Жапаров быйыл 50 жашка толот. Өмүрүнүн дээрлик жарымын Токмоктон түштүгүрөөк жайгашкан Шамси капчыгайында эмгектенүү менен өткөрүп келет. Ал деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан үйдө жашайт — бул Бишкектен бир жарым чакырымга бийик дегенди түшүндүрөт.
— Эмнеге дал ушул кесипти тандап алгансыз?
— Мектепти аяктаганда эле аңсакчы болгум келген. Адегенде улууларга көмөктөшүп жүрдүм, кийин өзүм ишке орноштум. Дайым мага табиятты талаптагыдай коргошпогондой туюла берчү, кайдыгер мамилени өзгөртүүнү чечкем. Анан да тоого чыкканды жактырам… Чынында жакшы өзгөрүүлөр болду, 20 жыл илгери бул жерде баары башкача эле.
— Сиз да, кесиптештериңиз да ишке баш-отуңуздар менен берилген экенсиздер. Бул жакка келе жатканда машинанын өткөн жолуна көз салып, кайсы жолду кеңейтүүнү чечкениңиздерди байкадым. Дарыяга жыгач көпүрө салыпсыздар. Жумушуңуздар оор көрүнөт?
— Күн сайын кыдырып чыгабыз. Ар бирибиздин өз аянттарыбыз бар. Корук жалпы 20 миң 466 гектар жерди ээлейт…
— Бул эбегейсиз аянт! Кантип үлгүрөсүздөр?
— Эс алуучулар таштандыны көп таштайбы?
— Мурда аябай көп ташташчу. Азыр алар менен сүйлөшүп, атайын баштык карматып, таштандыны өздөрү менен ала кетүүлөрүн өтүнгөнүбүз өз жыйынтыгын берди. Бирок кээде баары бир булгап кетишет. Ар бири өзүнө жегенге же ичкенге бир нерсе ала келет, таштанды чыгат. Колуна кармай түшпөсө, демек коруктагы эс алган жерине ыргыта баса бергени да.
— 2015-жылы мында мергенчилик кылууга тыюу салынып, кийин корукка айландырышкан эле. Мергенчилер көпкө көнө алышпай жүрүштүбү?
— Ооба, башта абдан кыйын болду. Өз жеринде аң уулай албагандыгы үчүн көпчүлүгү кыжырданышты. Бирок биз, жергиликтүү тургундар аңчыларга каршы туруу үчүн атайын коом да түзгөн жайыбыз бар.
— Мында браконьерлер көп болсо керек?..
— Жок, дээрлик жок. Мурда көп болчу. Азыр аларга шарт катаал — очойгон айып пул салынат. Биз болсо дароо жеринде протокол түзүп, милицияга беребиз. Анан да бул жерде видео байкоо орнотулган.
— Билишибизче, аңсакчылардын маянасы аз. Жашыруун болбосо, айлык акыңыз канча?
— Бул биздин сыр.
— Макул, анда корукта кандай жаныбарлар байыр алганын айтып бериңизчи.
— Оголе көп! Ак илбирстер, тоо эчкилери, элик, каман, сүлөөсүн, карышкыр, кашкулак жана суурлар жашайт.
— Айбанаттар адамдарга кол салабы?
— Жок, андай учур кездеше элек. Малга тиет, бирок адамдарга кол салышпайт.
— Адамдар айбанаттаргачы?..
— Жок, андай боло элек. Эс алуучуларды жаныбарлардын тынчын албоого, от жакпоого жана көп ызы-чуу кылбоого чакырабыз.
— Үйүңүз абдан жайлуу экен. Ал эми күн батареялары заманбап жашоодон кабар берип турат.
— Башында анын баары жок болчу. Бир нече бөлмөлүү үй 1965-жылы курулган. Электр жарыгы жок болгондуктан шам чырак же фонарь менен отурчубуз. Күн батареялары жашоону кыйла жеңилдетти. Жакында оңдоп-түзөө иштерин баштайбыз. Ошондой эле далистеге даараткана менен жуунучу жай орнотуп, дагы бир бөлмөгө эмеректерди киргизебиз. Буга бизге эл аралык демөөрчүлөр көмөк көрсөтүшмөкчү. Бул жерде кадимки үйдөй эле шарттар бар.
— Үйүңүздөгүлөр сизди аябай сагынышабы? Байкашыбызча, убактыңыздын көбү бул жерде өтөт экен.
— Бул жакка кеткен жолдогу айылда жашайм. Качан болбосун, машинага түшүп, чаап барып келе калам. Төрт уулум бар, улуусу ички иштер органдарында иштейт, экинчиси Бишкекте окуйт. Кенжелери мектепте. Аларга бул корук абдан жаккандыктан бат-бат келип, менин жолум менен кетүүнү да каалашат.
— Аларга ишиңиз туурасында эмнелерди айтып бересиз? Кандай учурлар жадыңызда калат?
— Эгер мектепти аяктап жатканыңызда башка кесип тандоону сунушташса, тандооңуз кайсыга оомок эле?
— Айта да албайм. Балким, токойчулук. Жок, мен тоолорду, жаныбарларды жактырам, балалыгым да тоолордо өттү. Ар күнү сейрек кездешчү айбанаттарды көрөм. Мага аңсакчылык көңүлүмө төп.