Франциядан Кыргызстанга качкан изилдөөчү менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Кыргызстанда качантан бери ак илбирстерди изилдеп келесиз?
— Бул жакта 2010-жылдан бери иштейм. Изилдөө иштери Франция, Швейцария жана Кыргызстандын ортосундагы кызматташуунун негизинде ишке ашат. Мунун аркасында жаратылыш, жапайы жаныбарлар дүйнөсү менен чет элдиктерди тааныштырабыз. Ошондой эле ак илбирстердин жүрүм-турумун, байырлаган жерин жана өзүн алып жүрүүсүн изилдейбиз.
— Анан ушул жети жылдан бери кандайдыр бир жылыштар барбы? Мисалы, жергиликтүү элдин жапайы жаныбарга жасаган мамилеси өзгөрдүбү дегендей…
— Тоо койнунда иштеген кызыктуубу?
— Кыргызстанга жылына бир жолу эле келем. Бирок узагыраак, эки айга чейин жүрүүгө аракет кылам. Мекениме барганда аябай сагынып, кайра тез эле келгенге шашылам. Себеби бийик тоолуу аймакта жашаган ак илбирстердин саны изилдөө иштерин жүргүзүүгө жетиштүү. Аны менен бирге бул жакта жасай турчу иштер дагы арбын.
— Ак илбирстер боюнча кандай иш алып барасыз, түрүн же санын тактайсызбы?
— Кыргызстанда ак илбирсти коргоодо илимий ыкмаларды колдонобуз. Коруктун аймагына фотокапкандарды орнотуп, санын, байырлап жүргөн жерлерин аныктайбыз. Анан жергиликтүү корукчуларга илимий мамиле жасоону жана айрым жаңы техникаларды пайдаланууну үйрөтөбүз. Илбирстердин белгилүү бир аймакта бар же жок экендигин тактап, жок болсо себебин билүүгө аракет кылабыз.
—Кыргызстанда байырлаган ак илбирс менен башка өлкөлөрдө жашаган ак илбирстин айырмачылыктары барбы?
— Көп айырмачылыктар бар. Алсак, Монголиядагы ак илбирстер кичинекей болсо, Кыргызстандагылар салыштырмалуу чоңураак келет. Андан сырткары, Монголиянын илбирстери жапыз жерлерде жүрсө, бул жактагы илбирстер бийик жерлерди байырлайт. Аңчылык кылган жандыктары жана туут маалы боюнча дагы айырмаланат.
— Силердин эсебиңер боюнча азыр Кыргызстанда канча ак илбирс бар?
— Бул жаныбарлардын санын аныктоо аябай кыйын. Себеби аны изилдеген адамдар аз. Ошол эле маалда ак илбирстер башка жаныбарларга салыштырмалуу алыс жерде жашап, бийик жерлерди байырлайт. Азыр алардын болжолдуу саны 500дүн тегерегинде. Ал эми бул жырткычтар жашаган Кытай, Бутан, Монголия, Непал, Кыргызстан өңдүү 12 өлкө боюнча расмий саны 5000ге жетет, бирок бул дагы так сан эмес.
— Ушундай чоң аймакты ээлеген 12 өлкө үчүн бул көрсөткүчтөр аз эмеспи?
— Жогоруда аталган сандарды так айтуу кыйын, бул болжолдуу десек болот. Албетте, аз, мындан улам ак илбирс жоголуп бара жаткан жаныбарлардын бири деп кесе айтууга толук негиз бар. Бул сандар аларды коргоого аракет кылуубуз үчүн жетиштүү боло алат.
— Азыр 12 өлкөнүн мүчөлүгү менен эл аралык комитет иштеп, бул жаныбарлар жашабаган өлкөлөр дагы көмөктөшөт. Бир гана ак илбирс жашаган мамлекеттер чек аралаш өлкөлөрү менен тыгыз иштешүүсү зарыл болууда. Себеби бир жагынан корголуп, экинчи жагынан бул жаныбарларга аңчылык кылынса жыйынтык чыкпайт.