БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Токмокто Audi 80 үлгүсүндөгү унаа менен Passat B3 бетме-бет кагышып, биринчи машинанын айдоочусу кырсык болгон жерде каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек — Торугарт унаа жолунун 57-чакырымында болгон.
"Куткаруучулар унаадан сөөктү алып чыгып, Токмок шаардык өлүкканасына өткөрүп берген", — деп жазылат маалыматта.
Ал эми "Passat B3" унаасынын айдоочусу Токмок шаарынын облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.