БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бал челек ташып бараткан автоунаа Павлодарда жол кырсыгына кабылып, анын чиркегичи оодарылып калган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.
Жол кырсыгы шейшемби күнү эртең менен саат 8:30дар чамасында болгон. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тарады. Анда жолдо оодарылып жаткан чиркегичти көрүүгө болот. Ошондой эле аарылардын учуп жүргөнү байкалат.
Билдирүүгө ылайык, "КамАЗ" автоунаасынын чиркегичи чыгып кетип, жолдун каршы тарабында бараткан Mercedes-Benz автоунаасы менен кагышып, аны басып калган. Анын кесепетинен 34 жаштагы айдоочу жабыркаган.
"КамАЗ" автоунаасынын 21 жаштагы бала айдап баратканы маалымдалды. Учурда полиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.