БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында тоо туризми менен алектенген Испаниянын жараны тоодон кулап жаракат алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, окуя 16-августта болгон. Жаракат алган жаран Ош облустук ооруканасына алып келинген.
Испаниянын 57 жаштагы жаранынын оң буту сынып, травматология бөлүмүнө жаткырылган.
Учурда бейтап бардык керектүү дары-дармек менен камсыздалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө.