БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Көлдүн Тоңунда жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz жеңил машинасы кагышып, анын кесепетинен 25 жаштагы кыз каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 10-август күнү түшкө жуук Балыкчы — Каракол жолунун 49-чакырымында болгон. Көз жумган кыздан тышкары унаадагы беши киши жабыркап, алар Тез жардам кызматы менен Балыкчы шаарынын ооруканасына жеткирген.