Чолпондун чет элдик музыканы комузга салганы көпчүлүктү кызыктырып, суктандырса, айрымдары "улуттук музыкалык аспапка ар кайсы күүнү сала бергенге болбойт" деген да ойлорун айтпай койгон жок.
"Акак" комузчулар ансамблинин таланттуу, жылдыздуу комузчусу Чолпон Мелисбекова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева маек куруп, өнөрүнө күбө болду.
— Сизди "Акак" комузчулар ансамблинин солисти катары билебиз, бирок коомчулук сизди ансамблдин солисти эмес, келиндин образында көбүрөөк таанып калды окшойт…
— Бирок комузда чет элдик хиттерди ойногон идеяңыз көпчүлүккө жакты көрүнөт?
— Буга чейин деле кээде ар түрдүү улуттун ырын комузда ойноп, видеолорун интернетке жүктөп койчумун. Бирок Despacito ыры учурда хит болуп жаткандыктан бул аткаруум популярдуу болуп кетти окшойт. Эми башка номурларды интернетке жүктөбөй эле коеюн десем эл жанымды койбой суранып, ар түрдүү сунуштар түшө баштады. Кээ бири "комузга ар кайсы ырды эле сала береби" деп жаман көрүп жатат, бирок үч кылдуу комузга ар улуттун музыкасын салып ойноо үчүн да чоң чеберчилик керек. Муну менен биз комуздун күчүн, дараметин даңазалап жатабыз. Чет өлкөлүктөр кээде комузга түрдүү музыка салып ойногонубузду көрүп "силердин үн туюмуңар күчтүү экен" деп чеберчилигибизге жана комузга таң калышат.
— Жоолук салынган келиндин образы сизге жакшы жарашат экен. Негизи турмушка чыккансыз да же бул жөн гана образбы?
— Турмушка чыкканыма алты жылдай болуп калды. Бир балам бар, эки жарым жашта. Өзүм 24 жаштамын. Турмушка эрте эле чыккам, жолдошум мага абдан жакшы дем-күч берип, чыгармачылыгымды дайыма колдоп келет. Атабыз да (кайната — ред.) чыгармачылыкка жакын, искусствону абдан сыйлаган адам. Мындан улам ал баласына, менин күйөөмө кайра-кайра "келинчегиңди баала, бийик тут" деп айтып турат.
— Жакында эле Казакстанда өткөн ШКУнун алкагында чоң концерт болуп, силер абдан сонун номер аткарып, президенттердин оозун ачырдыңар. Катуу даярдансаңар керек же мындайга көнүп калдыңарбы? Сүрдөгөн жоксуңарбы?
— Астана шаарында өтө турган бул концертке катышасыңар деп он күн мурун айтылган. Ошол он күндүн ичинде күндө эки-үч маал тынбай, уктабай ачка калсак да абдан дыкат даярдык көрдүк. Анткени сегиз мамлекеттин башчысы катышып жаткан концерт жөнөкөй болбойт эле да. Биз барып Казакстандан даярдана баштаганда эле театрдын жөнөкөй кызматкерлеринен тарта суктанып, биз менен сүрөткө түшүп жатышты. Кыргызстанга келгенде да бизди президент Алмазбек Атамбаев жылуу кабыл алып, ар бирибизге жакшы форма тиктирип берем деп убада кылды. Миңдеген элдин алдында өзүңдү таштап коюп же аткара турган номерден адашып кетүү деген нерсе бизде болбошу керек. Ар бир чыккан концертке мыкты деңгээлде даярданабыз. Көбүнчө сүрдөө эмес, бизде сахнага чыкканда башкача дем-күч пайда болот. Эл колдоп-коштосо, андан да төгүлүп-чачылып кетебиз.
— Чет жактарга көп чыгабыз деп калдыңыз. Комузга кызыгып, анын күчүнө таңыркагандар болобу?
— Улуттук аспапка болгон кызыгууң кандайча пайда болуп, эмне үчүн дал ушул тармакты тандап алдыңыз эле?
— Үй-бүлөмдө бирөөнүн да комузга шыгы жок, эч ким кызыккан эмес. Өзүм эле кичинекейимде музыкага жакын болуп, шыктуу, жөндөмдүү экенмин. Телевизордон ырчы, чоорчуларды көрүп ошолордой болууну кыялданчумун. "Жаштын тилегин берет" дегендей, апам мени 1-класска Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайга берип, ошол жакта мыкты педагогдордун колунда тарбияланып калдым.
— Оңой көрүнгөнү менен комузду үйрөнүү өтө татаал. Балдарды комузга көбүнчө кичине кезинде берет. Себеби ал кезде эске тутуу жакшы болуп, колдор да ыкка бат көнөт. Комуз үйрөнгүсү келген адамдардын жаш курагына карабай алгач каалоосу болушу керек, андан соң музыкалык сабатын жоюшу керек. Музыкалык окуу жайды бүтпөсө дагы жок дегенде ноталарды билүүсү кажет.