БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бишкектин Бакаев көчөсүндөгү скверди жакшыртуу үчүн мэрия тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, Бакаев көчөсүндөгү сейил бакты оңдоо үчүн мэрия 2 миллион 600 миң сом сарптоого даяр.
Тендер 31-июлда жарыяланып, мөөнөтү 22-августта аяктайт.