БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылынан өз атасын уруп өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы жаран кармалганын Чүй облустук ИИББ билдирди.
Маалыматка ылайык, киши өлүмү тууралуу кабар милицияга 28-июль күнү саат 11.30да түшкөн. Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдарынын өкүлдөрү ошол күнү эртең менен болжол менен 7.00дөр чамасында 53 жаштагы киши өзүнүн баласы менен уруша кеткенин аныкташты. Натыйжада мас уулу атасын башка катуу нерсе менен уруп, үй ээси алган жаракатынан каза тапкан.
Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, милиция тарабынан набыт болгон кишинин баласы кармалган.
Учурда тийиштүү сот-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат